1. Экология – таза шаар
  • Жеке менчик үйлөрдү толук түрдө газ менен камсыздоо, ошондой эле Бишкек ЖЭБин газ жылуулугуна өткөрүү зарыл. Ошол эле учурда газга болгон тариф бардыгына жеткиликтүү болушу шарт. Бул маселени чечүү үчүн биздин өкмөт ЕАЭС боюнча өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл.
  • Коомдук транспортту толугу менен транспорттун экологиялык таза түрүнө (троллейбус, автобус) өткөрүү кажет.
  • Электр энергиясын бардыгына жеткиликтүү кылып, физикалык жактарга жеке менчик секторуна электр энергиясы менен жылууланганга уруксат берүү керек.

 

  1. 10 жылдан 15 жылга чейин бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен көп батирлүү бир типтүү турак-жайлардын курулушу

Өлкөбүздө көп жарандар, жеке тармакта иштеген жана ошондойле бюджеттик мекемелердин кызматкерлери көптөгөн жылдар бою үй ала албай жатышат, үйлөрүн кеңейтип чоңойто ала албай жатышат. Ал үчүн:

  • Ыңгайлуу шарттары бар Мамлекеттик Турак-жай-курулуш жана турак-жай кооперативдерин түзүү, аларга көп батирлүү бир типтүү үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү;
  • КР жарандарына жеткиликтүү жол менен узак мөөнөткө, аз дегенде 10-15 жылга, бөлүп төлөп үй алуусуна мүмкүнчүлүк берген Турак-жай кооперативдерине шарт түзүү жана колдоп берүү абзел. Мунун натыйжасында 30 000ден ашык үй бүлө жеткиликтүү турак-жай менен камсыз болот.

 

  1. Шаардын көрктөндүрүлүшү, өнүккөн шаар, бай өлкө!

Шаардын көчөлөрүн жана тийиштүү аллеяларды оңдоп-түздөө керек. Социалдык жана башка муниципалдык объектилерди кооздоп, көрктөндүрүү зарыл. Чуркоо үчүн жолдорду, спорттук жана балдар аянтчаларын куруу кажет.

 

  1. Коомдук транспорт
  • Ар бир жаран керектүү жерге убагында ыңгайлуу шартта жетүүсү үчүн микроавтобустардын санын азайтып, комфортабелдүү автобус жана троллейбустардын санын көбөйтүү керек. Аны менен бирге каттамдардын санын көбөйтүү жана иш убактысын узартуу зарыл.

 

  1. Кыргызстандагы электр энергиясынын жетишсиздиги. Абалдан кантип чыгуу керек?

Ички жан сырткы инвесторлорду тартуу менен Кыргызстандын суу ресурстарын үнөмдүү пайдаланып, чакан, орто жана ири ГЭСтерди куруу;

  • Глобалдык жылуулукту жана экологиянын сакталышын эсепке алып, инвесторлорду чакырып, грант жана үстөк пайызы төмөн насыяларды алуу, КИБ (кайра жаралуучу энергия булактары) күн, шамал ж.б. станцияларды куруу;
  • Электр энергиясын жоготууну мүмкүн болушунча төмөндөтүү, ошондой эле энергосистемасындагы паракорлукту түп тамырынан бери жоюу зарыл.