Бакиров Бакыт Жеентайович

Мен, Бакиров Бакыт Жеентайович 1970-жылдын 25-апрелинде, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулгам. 1977-жылы Кызыл-Суу айылындагы “Жаны-Гайрат“ орто мектебинин биринчи классына кабыл алынып, 1987-жылы ийгиликтүү аяктадым.

         1988 ж. – 1990 жылдарында Белоруссияда Советтик армиясында кызмат отогонмун. 

        1991-жылдан баштап 1996 жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде кызмат отогонмун.

          1994 – жылы Кыргыз Мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетине  “инжинер куруучу” адистигине тапшырып, 2000 жылы аяктаганмын.

          1996 – жылдан баштап Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кум - Арык пахта тазалоочу заводунда экспедитор, бөлүм башчы, башкаруучунун орун басары болуп 2007 жылга чейин эмгектенгем.

          2008 – жылдан 2009 жылга чеийн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин БКЭЧ башкаруучунун жардамчысы болуп иштегенмин.

         2018 – жылдан баштап, азыркы учурга чейин Бишкек мэриясынын Свердлов районуна караштуу № 20 муниципалдык аймактык башкармалыгында Аксакалдар сотунун төрагасы болуп эмгектенем.

        Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.