Мен, Бакиров Бакыт, Бишкек шаарынын тургунумун. 52 жаштамын. Жетиштүү кесиптик жана турмуштук тажрыйбамды эске алып,  № 29 Свердлов районунан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өз талапкерлигимди көрсөтүп жатам.

         Менин шайлоо алдындагы программам кыргызстандыктардын турмушунун бардык олуттуу чөйрөлөрүн камтыйт. Мен Бишкек шаарынын, анын ичинде Свердлов районунун өкүлү катары Жогорку Кеңеште жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү боюнча төмөнкү багыттарда иш алып барам:

  • чакан жана орто бизнести колдоо, алар менен тыгыз байланышта болуу жана алардын көйгөйлөрүн чечүү;

 

  • жаны конуштагы турак жайларды мыйзамдаштыруу жана социалдык көмөк көрсөтүү;

 

  • конуштардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн бюджеттик каржылоону көбөйтүү, алардын ичинде: суу менен камсыз кылуу, жарыктандыруу жана канализациялык тутумдарды жаңылоо жана куруу, газ менен камсыз кылуу, жол салуу маселелерин чечүү;

 

  • азыркы учурда эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп келе жаткан, бала бакчалар жана мектептерди калыбына келтирүү жана куруу, андан сырткары төлөмдөрду жоюу, анын чыгымдарын мамлекеттин камсыздыгына өткөрүү керек. Себеби балдар бул – биздин келечегибиз.

 

  • Жер-жерлерде спорттук аянтчаларды куруу, жаштарга сергек жашоо образын жайылтуу/өнүктүрүү жана аларга колдоо көрсөтүү;

 

  • Мугалимдерге жана медицина жаатында иштеген адистердин социалдык көмөк көрсөтүү жана айлык маяналарын көтөрүү;