Саадабаев Бакыт Муратбекович

Мен, Саадабаев Бакыт Муратбекович, 1984 жылы 15 сентябрьда Фрунзе шаарында туулгамын.

2000-жылы Ысык-Көл районунун Тамчы айылындагы лицей-мектебин бүтүргөмүн.

2000-жылдан тартып Ж.Баласагын атындагы КМУнун юридикалык факультетинде билим алып, 2005-жылы окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, юриспруденция кесиби боюнча жогорку билимге ээ болгомун.

2008-жылы КР Президентинин алдындагы Башкаруу Академиясынын магистратурасын бүтүргөмүн.

Эмгек жолум:

11.2005 – 02-2014-жж. КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы мамлекеттик имараттар департаментинде – адис, юрист, директордун орун басары;

02.2014 – 03-2016-жж. КР Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы;

03.2016 – 04.2016-жж. КР Президентинин №1 Мамлекеттик резиденциясынын Директору;

12.2016-ж. тартып – Адвокат;

06.2019-ж. тартып – «Айдаркен сымап акционердик коомунда» директорлор кеңешинин мүчөсү.

үй-бүлөнүн курамы:

Аялым – Кожокматова Эдиля Кубатбековна, 1984 жылы туулган;

Балам – Муратбеков Бакай Бакытович, 2008 жылы туулган;

Балам – Муратбеков Жоодар Бакытович, 2009 жылы туулган;

Балам – Муратбеков Айдар Бакытович, 2016 жылы туулган.

Аскерге милдеттүү – запастагы кенже лейтенант.

Мен жана жакын туугандарым кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган эмеспиз.