Мен, Саадабаев Бакыт Муратбекович, командамдын мага арткан ишенимин эсепке алуу жана өзүмдүн орчундуу иш тажрыйбама таянуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына №29 Свердлов шайлоо округу боюнча талапкерлигимди коюп жатамын.

Биз командабыз менен жакынкы жылдары Свердлов районун жана анын жашоочуларын динамикалуу өнүгүү жолуна алып чыга турган программа иштеп чыктык. Төмөндө аталган программабызды сиздерге сунуштайбыз.

 

Адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук

Юрист катары, биринчи кезекте Кыргызстанда чындап укуктук өлкө калыптанышына, бардык тарабынан адам укугу дыкат корголушуна жана зордук-зомбулук менен  укуксуздукка жол берилбешине болгон аракетимди жумшаймын.

Жарандарыбыздын өз укуктары жөнүндө жакшы маалыматы болгондо гана өз укугун толук коргой алышат деген ойдомун. Мына ушундай жол менен гана жарандарыбыз чечим чыгаруу процесстерина катышып, бийликтен айкындуулук менен отчёттуулукту талап кыла алышат. Мамлекеттин укуктук структурасындагы мүчүлүштүктөр кичи жана орто бизнести артка тартып, ал өз кезегинде өлкө менен шаарыбыздын өнүүгүсүнө кедергисин тийгизип келет.

Ошондуктан, менин ишмердүүлүгүмдүн алгылыктуу багыттарынын бири – адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту орнотуу болот.

 

Экономикадагы реформалар

Менин алдымдагы эң негизги милдеттеримдин бири – эл аралык экономикалык мамилелердин заманбап чакырыктарына жана рыноктун заманбап шарттарга шайкеш келген  натыйжалуу экономиканы калыптандыруу.

      Ишкердик тармагын башкаруунун натыйжалуу заманбап жана жаңычылдык ыкмаларын колдонуу аркылуу жана мамлекеттик тейлөө тармагын санариптештирүү менен кичи жана орто бизнеске комплекстүү колдоо көрсөтүүбүз зарыл деп эсептейм. Ишкерлер үчүн кайтарылуучу пайызсыз каражатка оңой жете турган шарттар түзүлүп берилиши керек.   

 

Медицина жана саламаттыкты сактоо тармагы

Саламаттыкты сактоо секторунун ресурстарын натыйжалуу колдоно алуу үчүн жана дарыгерлердин айлык акысын жогорулатып берүү үчүн бардык чараларды көрөбүз. Ошондой эле окуу жайлардагы адистерди окутуп чыгаруунун деңгээлин жогорулатышыбыз зарыл. Оорулардын алдын-алууну жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек. 

Ооруканаларды, медициналык борборлорду курууга жана модернизациялоого инвесторлорду тартуунун механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. Квалификациялуу медициналык кызмат медициналык ири мекемелерде гана эмес, бардык тургундарга, анын ичинде борбордун алыскы райондоруна да жеткиликтүү болушу керек.  

 

Жумуш орундары

           Кыргызстандагы эмгек рыногунун эң негизги көйгөйлөрүнүн бири – жумуш орундарынын жетишсиздиги. Рыноктук экономиканын шарттарында жумуш менен камсыз кылууну жөнгө салууда натыйжалуу система түзүлүшү керек деген ойдомун.  Негизги жөнгө салуучулардын катарында нормативдик укуктук актылар, эмгекти баалоо программалары жана эмгекке кызыктыруу, улуттук, регионалдык, тармактык деңгээлде жана ишканалардын деңгээлинде социалдык-эмгектик субъектилердин ортосундагы макулдашуучулук болушу керек.

Менин негизги милдетим – борбор калаанын эмгек рыногундагы экономикалык жайлуулук шарттарын түзүп берүү.

 

Кичи жана орто бизнес

       Мамлекеттик саясаттын эң негизги багыттарынын бири  -  кичи жана орто бизнести реалдуу түрдө колдоого алуу болушу керек деген пикирдемин.

Ишкерлик субъектилерин мыйзамга ылайыктоо тартибин болушунча жөнөкөйлөштүрүүчү натыйжалуу мамлекеттик жана регионалдык программаларды иштеп чыгуу зарыл.

 

Билим берүү

Билим берүү системасы коомдун татыктуу мүчөлөрүн, коомдук жарандарды жана ийгиликтүү инсандарды даярдап чыгууга батытталышы шарт.

        Биринчи кезекте мектеп билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатып берүүнү колго аламын. Андан сырткары, мектептерди оңдоп-түзөөгө, окуу куралдарын, колдонмолорду жаңылоого, IT-техгологиясын киргизүүгө көңүл бурулат.

Мектеп бир гана базалык билим алуучу жер эмес, балдардын татыктуу тарбия алып чыгышына өбөлгө түзө турган жери болушу керек.

 

Экология жана көрктөндүрүү

Бишкек кайрадан жашыл, көрктүү жана коопсуз шаар аталышын алышы үчүн масштабдуу иштерди жасашыбыз зарыл. Бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандарга жазаны катаалдаштырып, эски ирригациялык түйүндөрдү калыбына келтирип жана жаңыларын курууга милдеттүүбүз.

 Калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө албетте, өзгөчө көңүл  бөлүнөт. Ал максатка жетүү үчүн алыскы райондордун жана жаңы конуштардын бюджетин кеңейтүү менен бирге, алардын жайлуулугу үчүн биз бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек болот.