Абышев Медер Болотович

Мен, Абышев Медер Болотович, 1983-жылдын 30-июнунда Фрунзе (Бишкек) шаарында туулганмын, улутум кыргыз, үй-бүлөөлүмүн, учурда 4 баланын атасымын, жогорку билимдүүмүн, 2005-жылы милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясын «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаганмын.

Эмгек жолумду жана кесиптик кызматтык ишимди Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында баштагам (мындан ары-ИИО):

Ички иштер органдарынын тергөө бөлүмчөсүндө, кылмыш иликтөө бөлүмчөсүндө 07.2000ж.-03.2006ж., 01.2008ж.-12.2013ж. кызмат өткөм.

07.2015ж.-07.2018ж. чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик кызматын өтөп баштаганмын:

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү башкармалыгынын мыйзам долбоорлорун экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун башкы адиси;

03.2019ж.–02.2021ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;

02.2021ж.–09.2021ж. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.

Кесиптик кызматтык ишмердүүлүк мезгилинде ар кандай ведомстволук сыйлыктар, медалдар менен сыйлангам.

2020-жылы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын буйругуна ылайык «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги» төш белгиси менен сыйландым.

Үй-бүлө:

Атам: Абышев Болот Абаевич – 07.06.1961-ж.-09.09.2014-ж., Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ардагери, милициянын полковниги болгон;

Апам: Абышева Джийдегуль Райымбековна – 29.06.1962-ж., пенсионер;

Жубайым: Сыдыкова Назгуль Суюнбековна – 11.08.1986-ж., Автомаш-Радиатор ЖЧКсынын башкы бухгалтери.

Кыздарым: Болотова Махабат Медеровна – 18.10.2008-ж., мектеп окуучусу;

Болотова Айназик Медеровна – 02.04.2010-ж., мектеп окуучусу;           Болотова Даткайым Медеровна – 24.07.2011-ж., мектеп окуучусу;

Болотова Нурсулуу Медеровна – 01.07.2021-ж.

Мен жана жакын туугандарым соттук же башка жоопкерчиликке тартылган эмес.