Программамдын ар бир пункту райондук масштабдагы да, республикалык масштабдагы да актуалдуу маселелерди чечууну сунуш кылат.

  1. Мамлекеттик органдардын ишин өркүндөтүү (мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот)

- мыйзамдарды өркүндөтүү;

- мамлекеттик бийлик органдарынын ишин системалуу өркүндөтүү;

- мамлекеттик органдардын жүргүзгон саясаты жана кабыл алынган чечимдердин кесепеттери үчүн жоопкерчилигин белгилөө;

  1. Экономикалык чөйрө

- бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- өлкөнүн региондорун бирдиктүү өнүктүрүүнү жана каржылоону контролдоо;

- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү;

- жарандардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен салык мыйзамдарын өркүндөтүү;

  1. Социалдык чөйрө

- инфляциянын өсүшүн эске алуу менен калктын пенсияларын, пособиелерин жана эмгек акысынын өлчөмүн көбөйтүү;

- жаңыдан пайда болгон турак жай массивдеринде (жаңы конуштарда) социалдык объектилерди (балдар бакчаларын, мектептерди) курууга байланышкан маселелерди чечүү;

- бала үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүү үчүн жөлөкпулдарды киргизүү;

  1. Билим берүү

-кошумча имараттарды куруунун эсебинен мектеп имараттарын кеңейтүү демилгесин киргизүү;

- бардык деңгээлдеги мугалимдер үчүн мамлекеттик колдоо чараларын жана жеңилдиктер системасын камсыз кылуу аркылуу, мугалимдик кесиптин жагымдуулугун жогорулатуу;

- жогорку окуу жайларында кийин кепилденген ишке орноштуруу менен айрым адистиктер боюнча студенттерди окутууга мамлекеттик заказ принцибин киргизүү;

  1. Ден соолук жана экология

- калкты медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу;

- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн айыптарды олуттуу жогорулатуу;

- республиканын экологиясын сактоого жана жакшыртууга багытталган улуттук программалардын, пландардын аткаруу.