Субанов Айбек Манасбекович

Мен, Субанов Айбек Манасбекович 1979 - жылы 13-ноябрда Чуй облусунун, Чуй районунун Дөн-арык айылында Мамлекеттик кызматкердин үй бүлөсүндө туулгам. 1986 - жылдан 1996 - жылга чейин Дөн-арык айылында "Калча атындагы мектепте окудум. 1996 - жылы Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетине

"Унаа каражаттарын пайдалануу" багыты боюнча окууга тапшырып 2000-жылы аяктап БАКАЛАВР даражасын алдым. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясына "Эл аралык мамилелер" факультетине тапшырып 2014 - жылы артыкчылык менен аяктадым. МАГИСТР даражасы (Кызыл диплом)  2001-2004 - жылы Ички иштер министрлигинин, Күзөт башкармалыгында инспектор болуп иштедим. (Чин: лейтенант)

2004 - жылдан ушул күнгө чейин Германиянын Кыргызстандагы  элчилигинде, жергиликтүү кызматкер болуп эмгектенип келем. 05.11.2022 - жылы 1 - Элдик Курултайга Ленин районунан делегат болуп шайландым. 24.01.23 - жылы 1 - Элдик Курултайга Ленин районунан координатор болуп шайландым. Үй бүлөлүүмун 4 баланын атасымын. Кыргыз, орус, немис тилдеринде эркин сүйлөйм. Кандайдыр бир уюмдун, партиянын мүчөсү болгон эмесмин. Тартипти, жоопкерчиликти, тактыкты жана ар бир ишти акылга салып, ыгы менен кылганды жактырам.