Атамдын: "Таза бол, так бол, намыскөй бол" деп айткан акылы менен жашап келем. Куулук, кошоматчылык шыгым болбогондуктан, мүнөзүмө ылайыктуу Германия элчилигинде эмгектенип калдым. Жакшы кулк мүнөз, акыл, билим менен коомго, эки элдин карым катнашына пайдам тийсе деген тилегим бар.

Бул күнгө чейин Кыргызстандагы партияларга мүчө болуудан баш тартып келгем, себеби, партиялар көпчүлүк учурда саясий очко топтоо менен алек болуп, чыныгы элдин үнүнөн четтеп калат.

Аймактын конушундагы дээрлик көп маселердин көйгөйлөрдүн чечилишине аралашып жүргөндөн улам, аксакалдардын, апалардын жашоочулардын батасы менен ушул шайлоого катышып жатам. Эми Ленин районунун көйгөйлөрүн чечүүгө, мамлекет менен элдин ортосундагы элчи башкача айтканда “көпүрө” болуп кызмат кылганга аттанып, өзүмдү сунуштап жатам.

Жогорку Кеңештин депутатынын негизги милдети бул мыйзам чыгаруу болуп келет, ошол себептен,  адилеттүү, сапаттуу, элге иштеген мыйзамдарды иштеп чыгуу.

1 - Жалпы элдик тазалануу.

2 - Тарбия жана тартип.

3 - Жарандардын ден соолугуна жана коопсуздугуна кам көрүү.

4 - Курултай институтун бекемдөө.

5 – Жоопкерчиликти жогорулатуу.

6 – Ынтымакты бекемдөө.

7 - Жаштарга татыктуу билим, жана жумуш орун.

Жогорудагы көрсөтүлгөн иштерди аткарууга болгон энергиямды, акылымды, күчүмдү жана билимимди жумшаганга даярмын.