1. Өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда. Жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн:

    1) Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо,

    2) Китепканаларды санариптештирүү,

    3) Мугалимдердин коомдогу кадыр-баркын жана статусун жогорулатуу керек; 

    1. Эл эмгегин жер жебейт. Айыл чарба тармагын өнүктүрүп, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү:

    1) Өсүмдүктөрдү илдеттен жана зыянкечтерден коргоо,

    2) Пайдаланылбай жаткан эгин эгүүчү талааларда тамчылатып сугаруу системасын киргизүү,

    3) Кайракы жерлерге суу жеткизүүчү каналдарды оңдөп түзөө керек; 

    1. Чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү:

    1) Ийгиликке жеткен дыйкандардын жана ишкерлердин жаштар менен тажрыйба бөлүшүүсүнө шарт түзүү,

    2) Экологиялык таза азыктарды чыгаруу,

    3) Жер-жемиштерди кайра иштетүү багытындагы чакан өндүрүштөргө колдоо көрсөтүү зарыл;

    4) Кыргызстанда чыгарылган азыктарды экспорттоого шарт түзүү;

    1. Мигранттардын агымын азайтуу үчүн:

    1) Өлкөдө атайын орто билим берүүнү күчѳтүү,

    2) Кыргызстандыктарды жумуш орундары менен камсыздоо шарт;

    1. Кыргызстан туризм өлкөсү. Өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү үчүн:

    1) Кереметтүү кооз жерлердин инфраструктурасын оңдоп, шарттарды түзүү,

    2) Мамлекеттик деңгээлде инвесторлорду тартуу,

    3) Табияты кооз жерлерге болгон жаңы багыттарды өздөштүрүү керек.