Абдивалиев Артыкбай Турабидинович

Абдивалиев Артыкбай Турабидинович 1969-жылы 21-майда Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылында туулган.

Үй-бүлөлүү, 7 баланын атасы.

Эмгек жолун 1986-жылы «ПМК-2» курулуш тармагында баштаган.

1987-1990-жылдары Түндүк Аскер деңиз флотунда катардагы матростон баштап, 1-категориядагы старшина наамына чейин өсүп, өз бөлүгүнүн командири болуп кызмат кылган.

Эки жогорку окуу жайда билим алган:

  1. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институту
  2. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Юриспруденция факультети

1993-1995-жылдары «Ак ниет» фирмасында жеке ишкер.

1995-2002-жылдар аралыгында «Агрохимсервис» фирмасын жетектеп, дыйкандарды сапаттуу үрөн, жер семирткичтер жана дары-дармектер менен камсыздап келген.

Артыкбай Турабидинович тарабынан негизделген "Агрохимия" компаниясы 1999-жылдан тартып азыркы учурга чейин дыйкандарга ар тараптуу кызмат көрсөтүп келет.

2015-жылы ачылган «Экспресс лаборатория» айдоо жерлеринин жер кыртышынын жана сугат суунун түзүлүшүн, сапатын так аныктап, сунуш-ыкмаларды берип, дыйкандар менен кызматташат.

Кыргызстанда биринчи жолу өсүмдүктөрдүн илдеттерине жана зыянкечтерине каршы дары-дармек жана жер семирткичтерди өндүрүүчү биргелешкен «Агро Топ» кичи заводун ишке киргизди.

2017-жылы Кытайдын технологияларынын негизинде курулган «Грин лайф» күнөсканасы ишин баштаган. Анын өзгөчөлүгү - кыш мезгилинде отун, көмүр, электроэнергия аз колдонуп жашылча-жемиштерди өстүрүүгө мүмкүн болду.

Биздин негизги максаттарыбыздын бири - мындай күнөсканаларды көбөйтүп, дыйкандарга аны туура иштетүүнү жана андан кошумча киреше табууну үйрөтүп жайылтуу. Бул өз кезегинде жарандарыбызды жумуш орду менен камсыздап, салык төлөөдөн республикалык бюджеттин кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Аткарган эмгектери үчүн талапкер КР Айыл - чарба Министрлиги тарабынан Ардак Грамота жана медаль менен сыйланып, Айыл-чарбанын отличниги наамына татыган.

Кайрымдуулук иштерине активдүү катышып келет: Ак-Булак айылына мечит салып, жаңы мектеп жана жолдорду курууга өз салымын кошкон.

2020-жылы пандемия апааты күч алып турган кезде эң биринчилерден болуп Ноокат райондук ооруканасын жана Кыргыз-Ата айылын тамак-аш, дары-дармек жана медициналык каражаттары менен камсыздаган. Альпинизм менен активдүү машыгып, 2023-жылы эки чокуну багындырууга жетишкен: Эверест жана Арарат тоолорун.