Кудайбердиев Элдар Абдималикович

1969-жылы 23-июлда Ноокат районунун Шаң Кол айылында туулган.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы.

1992-жылы Бишкектеги Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн.

1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.

1993-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде ар кандай жогорку кызматтарда иштеген.

2022-2023-жылдары Мамлекеттик салык кызматынын Биринчи Май району боюнча башчысынын орун басары болуп иштеген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин пенсионери.