ЭЛ БАШКЫ БАЙЛЫГЫБЫЗ

  • Бай үй-бүлө
  • Билим берүү – келечекке инвестиция
  • Дени сак улут

        Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн жаңы этабына кадам таштады. Биздин алдыбызда терең саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүү, демократиялык принциптерге негизделген Жаңы Жарманкелүү Кыргызстанды куруу милдети турат.

ЖЕТИЛГЕН ЖАРАНДЫК КООМ – ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН КЕПИЛИ

       Көптөгөн сыноолордон өтүп, Кыргызстаныбыз эгемендүү, эркин, ачык мамлекетке айланды. Кылымдар бою ата-бабаларыбыз кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңип, Эгемендүүлүгүбүздү коргоп келген.

Эгемендүүлүк биздин ыйык тумарыбыз!

     Өлкөбүздүн жетишкендиктери үчүн да, аны өнүктүрүүдөгү кемчиликтер үчүн да бирдей жоопкерчиликтүү экенибизди түшүнөбүз. Коом менен өзгөрүүгө жана атаандаштык шарттарда иштөөгө даярбыз. Өткөндөн сабак алып, бүгүнкүгө объективдүү баа берип, келечекти түзүүгө убакыт келди.

Менин максатым – демократиялык, адилеттүү жана өнүккөн мамлекетти түзүү, анда жарандардын укуктары жана кызыкчылыктары корголгон, таза эмгек жана билим ар бир инсанга өз пландарын ишке ашырууга жана ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүндүк берет.

  • Билим берүү тармагынын өкүлдөрүн улуттук баалуулуктардын негизинде калыптандыруу жана жаштар арасында билимдүү болуу жараянын жайылтуу.
  • Ар бир үй-бүлөнүн амандыгы, бакубат өлкөнүн кепилдиги боло алат. Ошондуктан так ушул бактылуу үй-бүлө турмушуна дыкат көңүл бурабыз.
  • Ар бир инсандын жашоо образын өркүндөтүү зарыл, баары тең бирдей жашоого укуктуу,  ошондуктан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турмушун жакшыртууга ак эткенден так этип аракет жасайбыз.
  • Айылыбызга кам көрүүбүз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кошкон зор салым. Андыктан айыл турмушун алдыга илгерилетүү зарыл ишибиздин бири.

           Кыргызстандын келечегинин образы – бул күчтүү мамлекетте жашаган өзүн-өзү камсыз кылган жарандардын ынтымактуу коому.

Тирегибиз – Эгемендүүлүк, тилегибиз – Адилет, күчүбүз – Ынтымак!