- жарандардын ден соолугуна жана өмүрүнө коопсуздук;
 - улуттук маданиятты, өлкөбүздүн бардык улуттарынын маданиятын колдоо жана өнүктүрүү;
 - бардык калктуу конуштарды үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо, тазалоочу курулмаларды жаңылоо жана тейлөө;
 - инновациялык өндүрүштөрдү инфраструктуралык колдоо;
 - туризм индустриясын өнүктүрүүчү инфраструктураны түзүү, үнөмдүү жана жагымдуу жыл бою туристтик борборлорду куруу;
 - элдин өзгөчөлүгүн сактоо, улуттук өз алдынчалыкты кийинки муундарга өткөрүп берүү, маданиятты, кол өнөрчүлүктүн улуттук түрлөрүн жана бардык элдердин жана улуттардын искусствосун колдоо;
 - айылдар үчүн керектүү кадрларды даярдоо, мамлекеттик гранттардын негизинде педагогдордун жана медиктердин квалификациясын жогорулатуу, айылдык мектептердин, ооруканалардын, ФАПтардын материалдык-техникалык базасын кайра жабдуу,
 - жаңы заманбап жолдорду куруу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги жолдорду реконструкциялоо жана оңдоо.