1. Адам укугунун камсыздалышы жана жарандардын коопсуздугу.

Кыргызстанда ар бир адамдын укугу мыйзамда көрсөтүлгөндөй, анын талаптарына ылайык сакталышы керек. Аны менен бирге мамлекеттин негизги милдеттеринин бири болгон жарандын коопсуздугун камсыздоону мыйзам аркылуу дагы да бекемдөө биздин негизги максат. Бул азыркы учурдун негизги талабы. 

  1. Экономикасы өнүккөн, бакубат өлкө.

Ысык-Көл району- экономиканы эң жогорку деңгээлге көтөрүүгө бардык шарты бар аймак. Айыл чарба, өндүрүш, өнөр-жайдан тартып, туризм, билим, чакан жана орто ишкерликке чейин бир нече багытта натыйжалуу иштерди жасоого мүмкүнчүлүк жогору. Мына ушул тармактарды өнүктүрүү аркылуу өлкөнүн бардык аймактарына үлгү боло турган натыйжаларга жетүү. 

  1. Ысык-Көл облусу - туризмдин мекени.

Азыркы учурда көл кылаасында жайкы жана кышкы туризм өтө тездик менен өнүгүүдө. Облустун күңгөйү жана тескейи жайкы туризмге ылайыкташкан болсо, Каракол шаарын кышкы туризмдин мекени катары таанытууга шарт бар. Кызмат көрсөтүүнүн деңгээлин жогорулатып, Ысык-Көлдү эл аралык даражада жарнама кылуу ыкмаларын ишке ашыруу зарылчылыгы турат. Буга кошумча, туристтик рекреациялык аймакта эс алуу жайларынын курулушун тартипке келтирип, Ысык-Көлдө чыныгы заманбап туристтик аймакты түзүүгө басым жасалат.  

  1. Таза экология-дени сак коом!

Жыл өткөн сайын Ала-Тоонун бермети болгон Ысык-Көлүбүзгө туристтердин агымы көбөйүүдө. Ага жараша эс алуу жайлары, жеке конок үйлөрүнүн саны артып жатат. Мындан улам көл кылаасында саркынды сууларды тазалоо маселеси курчуп барууда. Андыктан, айрыкча Ысык-Көл облусунда ири саркынды суу курулмаларын ишке киргизүү жана ага бардык эс алуу жайларын туташтыруу күн тартибиндеги негизги маселелердин бири болуп турат. 

  1. Санариптештирүү тутумун өнүктүрүү.

Учурда Кыргызстанда санариптештирүу тутуму өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги компоненти болуп саналат. Айтмакчы, санарип ыкмалар жашообуздун ар бир тармагында колдонулуп жатат жана санариптештирүү бир гана кыргыз мамлекетинин эмес, келечекте бүтүндөй дүйнө жүзү алдыга жыла турган, өнугүүнүн негизги курал болоору айдан ачык. Андыктан IT тармагын өнүгүшүнө салым аймактардан башталып, ага олуттуу маани берилиши керек. 

  1. Чакан жана орто ишкерлик.

Дубанда мал чарбачылыгы жана багбанчылык, аны менен катар тигүү тармагы, кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тездик менен өнүгүп келе жатат. Ал эми өнүгүү – мамлекеттин колдоосу жок жакшы натыйжа берээри күмөн. Андыктан, бул багытта ишкерлерибизге каржылык колдоо, мыйзамдарды либералдаштыруу, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн санын кыскартуу жаатында олуттуу көмөк керек. Бул аракеттерди натыйжалуу ишке ашыруу- биздин прогрмаманын негизин түзөт.          

Мындан сырткары, колго алып, колдоо көрсөтө турган турган бир нече багыттар бар.

Билим берүү тармагы. Мектеп бала, бакча сыяктуу билим берүү мекемелеринин курулушу менен бирге заманбап билим берүү ыкмаларын колдонуп билим сапатын жогорулатууга маани берүү зарылчылыгы турат.

Саламаттыкты сактоо. Ар бир айылда, жок дегенде ар бир айыл аймакта үй бүлөлүк дарыгерлер борборлорун түзүп, ал аркылуу калктын саламаттыгына сапаттуу деңгээлде кам көрүүгө жетишүү.

Социалдык тармак. Бул багыт- пенсия курагындагы жарандарыбыздын жашоо шартын оңдоого, мүмкүнчүлүгү чектелген майып адамдарга көмөк көрсөтүү, чет мамлекеттерде иштеп жашап жургөн мекендештер менен бекем байланыш түзүү жана ошондой эле калктын аялуу катмарына камкордук көрүүгө болгон укуктук жана практикалык негиздерди иштеп чыгууга багытталышы керек.

Маданият жана адеп ахлак. Китепкана, маданият үйлөрүн элди агартуу жаатындагы массалык иш чараларга байма бай иштетүү. Буга ар бир айылдагы жаштар уюмдары, мугалимдер, окуучулар менен бирге атайын план менен иш алып баруу аркылуу ишке ашырылышы керек.  

Спорт жана жаштарды колдоо. Жаштар менен спорт аркылуу иш алып баруу белгилүү бир натыйжаларга жеткирет. Учурда райондун дээрлик ар бир айылында спрот залдар ачылып, иштеп жатат. Ага тажрыйбалуу машыктыруучуларды тартып, дүйнөлүк деңгээлдеги спортчулардын (чемпиондордун) тарбияланып чыгышына салым кошуу зарыл.
      Мына ушул жогоруда белгилегген ар бир маселе боюнча коомчулук менен тыгыз иштешип, элдин үнүн жогорку трибунада жеткирүүгө жана аталган көйгөйлөрдүн чечилишине багытталган укутук-ченемдик актыларды иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу өлкөнүн Жогорку Кеңеши болгон- парламентте алып бара турган негизги иш- милдетибиз болмокчу!