- Таза, адилет, калыс башкарууну орнотуу.
 - Улуттук идеология, каада-салт, үрп-адат, нарк-насыилге туура келген баш мыйзам кабыл алуу.
 - Элдик Курултайды өз ыйгарым укуктары менен мыйзамдаштыруу.
 - Ысык-Көл облусун таза экологиялык аймакка айландыруу жана эко туризимди өнүктүрүү.
 - СССРден калган байлыктарды, элден уурдап алгандарга жер, мүлк салыгын 10 эсе көбөйтүү жолу менен бюджетке, элге кайтаруу.
 - Кумтөргө окшогон алтын кендерди элдин пайдасына иштетүү.
 - Ысык-Көл облусунда тоо лыжа баазаларын каруу жана ишке киргизүү.
 - 2050-жылга чейин шамалдан, күндөн энергия алуучу жаңы 20 кичи ГЭС куруу жана ишке киргизүү.
 - 2024-2034-жылдар аралыгында Кыргызстандагы авто унааларды электромабилге өткөрүп, чет өлкөлөрдөн келген нефть- газдан баш тартуу.
 - Жакынкы 10-15 жылда өлкөгө 100 завод куруу менен Кыргызстандан чет өлкөлөргө мигрант болуп кеткен жарандарыбызды өлкөгө алып келүү.
 - “Люстрация жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу.