1. Билим берүү тармагын жакшыртуу:

Айыл жергесиндеги жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында мугалимдер менен билим берүү министрлигинин ортосунда телемостторду уюштуруу. Ага ылайыкташкан техникалык муктаждыктарды жоюу. Бүгүнкү күндүн талабы болгон  IT-специалисттерди даярдоого техникалык жана методикалык жактан өбөлгө түзүү. Мындан сырткары алдыңкы методикалык окуу программаларын айылдык билим берүү мекемелеринде жайылтуу.

Ошону менен катар эле социалдык теңсиздик жаралбаш үчүн  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга да билим берүү жаатына көңүл  бөлүү. Көзү азиз жана дудук майыптар үчүн атайын мугалимдерди ишке алуу. Алардын бардык муктаждыктарын жоюуга белсенүү. «Тарыхы жок эл болбойт, тамыры жок жер болбойт» дегендей, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоого өзгөчө  методдорду иштеп чыгып, мекенчил, ар тараптуу жаштарды тарбиялап өстүрүүгө  салым кошуу менин негизги милдетим.

  1. Экономикалык муктаждыктарды жоюу:

Айыл тургундарын түйшөлтүп келген кичи жана чоң жолдорду оңдоого, ирригациялык маселелерди жоюуга, энергетика жана транспорт жана башка көйгөйлөрдү чечүүгө инвесторлорду тартуу.

 Ишкерлердин ишин колдоо менен жумуш орундуктарын көбөйтүү. Ысык-Көл туризм тармагынын чордону. Мындан улам дал ушул туризмди өнүктүрүү. Ал үчүн эң негизгиси сервисти оңдоого басым жасоо. Мындан сырткары төрт мезгил боюу маданият министрлиги менен биргеликте республикалык гана эмес эл аралык маданий, адабий, спорттук иш чараларды көл жээгиде өткөрүп туруу. Бул кадамдар өз кезинде жерлигиктүү жашоочуларды иш менен камсыздоого жана инвесторлорду тартууга өбөлгө түзөт.

 3.Айыл-чарба жаатына көңүл бөлүү:

Айыл жергесиндеги ирригациялык маселелерди жоюу. Бул кадамдар дыйкандардын түшүмдүүлүгүн арттырып, экономикалык өсүш берет. Ошол эле маалда заманбап техникалар менен жабдуу, фермерлерге асыл тукум мал чарбачылыгын жайылтуу жаатында инвестиция тартуу.  Тери, жүн, тыбыттарды, жашылча  жемиштерди кайра иштетүүчү чакан фабрикаларды ачуу, жумуш орундуктарын кеңейтүү. Үрөөн жана тоюттарды замандап технологиялар аркылуу түшүмдүүлүгүн арттыруу жана аз жерден көп тоют камдоого басым жасоо.

4.Дени сак бала- дени сак улут:

Аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелерин оңдоп түзөө жана начар абалдагыларын жаңыдан куруу. Телемедицинаны жайылтуу. Бул ыкма  дарыгерлерге айыл жериндеги бейтаптар менен байланышып, консультацияларды жана диагностиканы аралыктан өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Элдик медицинаны кайра жандандырууга багыт алуу. Заманбап медициналык аппараттар менен камсыздоону жана аны өзүбүздүн  өлкөдө жасоого белсенүү.

  1. Социалдык тенсиздикти жоюу:

Элди турак жай менен камсыз кылууда, жер тилкелерди берүүдө, калыстык жана ыкчамдык менен чечип берүү багытын реформалоо.

 Жөлөк пулдарды алуудагы жеңилдиктерди киргизүү. Бала төрөлгөндөгү сүйүнчү пулдун суммасын жогорулатууга белсенүү. Бул көрсөткүч эң аз дегенде 50 000 сомдон кем эмес каражат болуусуна аракет кылуу.