1. Ички, тышкы миграциянын күчөшү менен жаш кадрлардын жетишсиздиги жаралууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушууларда кадр маселеси акыркы күндөрү көйгөйлүү маселелерге айлана баштагандыгын билдиришип, мындай ыргак менен кете берсек, жакынкы аралыкта кадр танкыстыгы жаралышы мүмкүн экендигин билдиришүүдө. Айрыкча жогорку окуу жайды жаны бүтүп келген жаш кадрларды жумушка алууда, Кыргыз Республикасынын «Жарандык мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамында каралган, жарандарды кызматка алуудагы квалификациялык талаптар тоскоолдук жараткан учурлар бар. Себеби, мамлекеттик же муниципалдык кызматта иштеген тажрыйбасы жок, бирок чын дили менен шаарым, айылым үчүн иштеп берем деген жаш кадрлар, ушул талаптарга туура келбегендиктен, жеке компанияларга же пансионаттарга жумушка орношуп кетишет. Бул тоскоолдуктарды жоюу учун жогорудагы мыйзамдын талаптарын карап чыгып, тиешелүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү.
  2. Мамлекеттин өзөгүн түзгөн улуттун ден соолугун сактап калуу үчүн саламаттыкты сактоо жаатында иштерди алып баруу. Бул үчүн аймактарга жаш врачтарды ишке тартуу менен саламаттыкты сактоонун сапатын жакшыртуу. Тилекке каршы айлык акынын аздыгы,турак жай маселеси, айрыкча үй-бүлөлүү жаш врачтарга турак жайга, үй-бүлөнү багууга кеткен чыгымдарга айлык акыларынын жетишпей калышы, коншу мамлекеттерде айлык акысы жогору болгондуктан мигрант болуп кеткенге мажбур кылууда. Мисал үчүн бир эле Ысык-Көл райондук борборлоштурулган ооруканасында 20 га жакын врачтар жетишпейт. Бул өз убагында калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө кедергисин тийгизип келет. Ошол себептен врачтардын айлык акысын жогорулатуу,жаны келген жаш врачтарга турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү же кошумча каражаттарды таап үй-бүлөсүн багуу үчүн муниципалдык жер тилкелерин конкурсу жок ижарага берүү. Бул үчүн «Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү» Типтүү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
  3. Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлүбүздү сактап калышыбыз үчүн кечиктирилгис чараларды көрүү. Кыргыз Республикасынын “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынын аткарылышын катуу көзөмөлгө алуу, эски, техникалык абалы талаптарга жооп бербеген сууда сүзүүчү каражаттарды колдонууга тыюу салуу. Ысык-Көлгө куйган дарыялардын дээрлик баардыгы жайкы мезгилде сугат иштерине колдонулгандыктан, дарыялардын нуктарына топтолгон ар кандай таштандылар сугат иштери аяктаган мезгилде, суу менен агып келип көлүбүздү булгап жатат. Мындай таштандыларды көлүбүзгө киришин алдын алуу максатында дарыялардын куймаларына таштандыларды тосуучу тосмолорду орнотууну колго алып, облустун аймагына жайылтуу. Ар бир айыл өкмөттүн аймагында таштандыларды кабыл алып, сорттоочу жайларды уюштуруу. Таштандыларды кайра иштетүүчү цехтерди ачуу. Тазалоо курулмаларын өздүк наркын арзандатуу жана ишкерлерге ынгайлуу шарттарды түзүү үчүн тазалоо курулмаларын чыгарган заводдорду Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында ачуу.