Мамлекеттик башкаруу жана стратегиялык чечимдерди кабыл алуу жаатында менин көз караштарым төмөнкү принциптерге негизделет:

- КАСТАШУУ ЭМЕС – ДИАЛОГ. Адилеттүү жана бакубат коомду түзүүгө көмөктөшүүчү фактор.

- ТИРЕШҮҮНҮН ОРДУНА ӨНӨКТӨШТҮК. Бул принцип мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылуунун негизги фактору экенине бекем ишенем.

- КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЖАШЫРБА - аларды көрүп, чеч. Өнүктүрүүдөгү системалык карама-каршылыктарды аныктоо мүмкүнчүлүгү - бул ийгиликтин жарымы.

- Башаламандыктын ордуна ТУРУКТУУЛУК ЖАНА СИСТЕМА.

ШАЛАКЫЛЫККА ЖОЛ БЕРБӨӨ, ТОКТОТУУ. Мамлекеттик кызматкерлердин шалаакылыгы, кайдыгерлиги кастык жана чыккынчылык деп эсептейм.

Башкаруу чечимдерин кабыл алууда МОБИЛДҮҮЛҮК ЖАНА ЫЛДАМДЫК. Менин иштөө принцибим – ЭРТЕН ЭМЕС, БҮГҮН!

 

Демилгелер.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ишмердүүлүгүмдүн алкагында жана депутаттык ыйгарым укуктарга ылайык төмөнкү негизги багыттар боюнча иштерди жүргүзүүнү максат кылам:

  1. Бир нече инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча демилгелер, анын ичинде Ысык-Көл облусун газдаштыруу маселеси жана айыл чарба жерлеринин ирригациялык системаларын жана Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын жалпы ирригациялык системаларын модернизациялоо маселесин чечүү.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жакшыртууга багытталган демилгелер (финансылык туруктуулугун камсыздоо маселелери, жарандык демилгелерди жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо мүмкүнчүлүгүн берүү).
  3. Эмгек акыга болгон салыктарды кайра карап чыгуу аркылуу айрым социалдык кызматкерлердин материалдык шарттарын жакшыртуу.
  4. Региондордо жаш адистердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана мотивациялоого багытталган нормативдик чечимдерди кабыл алуу (эмгек акыга салык жүгүн олуттуу кыскартуу аркылуу ж.б.у.с).