1.Туристтик кубаттуулукту ѳнүктүрүү.

-Аймактын туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууга жагымдуу шарттарды түзүү.

- Туризм тармагындагы жергиликтүү ишкерликтин субьектерин  колдоо жана аларга карата укуктук базанын иштешин чыңдоо.

- Аймактын уникалдуу жаратылыш жана маданий кооз жерлерин эл аралык деңгээлде жайылтуу.

  1. Айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу.

- Жаштарды айыл чарбасында иштөөгө үндѳѳ, заманбап технологияларга жана техникаларга жетүүнү камсыз кылуу.

-Субсидиялар, жеңилдетилген кредиттерди, класстердик каржылоо жана консультациялык жардамдарды берүү аркылуу фермерлерди жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо.

-Региондун айыл чарба продукциясын рынокко жылдыруу үчүн айылдык кооперативдерди, айылдык кампаларды, муздаткыч кампаларды өнүктүрүү жана сооданын жол  карталарын иштеп чыгуу.

  1. Билим берүүнү жана билим берүү мекемелерин ѳркүндѳтүү.

-Билим берүү системасын өнүктүрүү, анын ичинде мектептерди куруу жана реконструкциялоо, региондогу бардык балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

-Ысык-Көл аймагындагы университеттерде жана илимий борборлордо илимий изилдөө жана тажрыйбаларды  колдоо,

-Жаштарды даярдоо деңгээлин жогорулатуу үчүн заманбап билим берүү технологияларын жана программаларын киргизүү.

  1. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо.

-Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу, медициналык мекемелердин тармагын кеңейтүү.

-Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү, пенсионерлерди, майыптарды жана калктын башка аялуу катмарын социалдык колдоо программаларын түзүү.

-Калктын ден соолугун чыңдоо жана ар кандай көз карандылык менен күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү.

  1. Инфраструктураны өнүктүрүү жана экологиялык коопсуздук.

-Автомобиль жолдорун модернизациялоо, облустун калктуу конуштарынын ортосунда ыңгайлуу транспорттук байланыштарды түзүү.

- Таза сууга жетүүнү камсыз кылуу, суу менен камсыздоо жана суу тазалоо системасын өнүктүрүү.

-Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү, экологиялык жактан таза технологияларды жана иш-чараларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.

Бул иш-чаралар Ысык-Көл районунун, Балыкчы шаарынын тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, бизнес жана экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды турукташтырууга, ошондой эле аймактагы социалдык туруктуулукту жана бакубаттуулукту бекемдөөгө багытталган.