Ысык-Көл Кыргызстандын бермети жана байлыгы!
Ошол себептен  жылына жайкы туристтик сезондо дүйнөнүн булуң бурчунан  миллиондогон туристтер биздин берметибиз Ысык-Көлдүн ажайып сулуулугуна суктанып, дарылык касиети бар суусуна түшүп, эс алганы келишет. 

Бул аймакта  жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү  туризм тармагы менен алектенет.  Негизги басым жайкы туризмге жасалат. Менин шайлоо алдындагы программамда негизги багыт катары аймактагы инфраструктураны өнүктүрүп,  туристтер үчүн жыл бою эс алууга мүмкүн болгон  шарттарды түзүү каралган.

Программамдын негизги багыттары:

- Жыл бою иштей турчу туризмди өнүктүрүүгө болгон иш-аракеттерди күчтөндүрүү жана жакшыртууга багытталган  мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга  анын ичинен  ден-соолукту чыңдоо, медициналык туризмди , спорттук туризм, этно, эко жана агротуризмди өнүктүрүүгө шарт түзгөн  мыйзам долбоорлоруна  өзгөчө көңүл бөлөм;

-Туризм өлкө экономикасынын  стратегиялык багыты болушу зарыл. Өлкөнүн анын ичинен аймактын туруктуу өнүгүүсүнүн гана эмес, бюджетти түзүүчү тармак катары да жана туруктуулуктун фактору болуп калышы керек.  Менин бардык аракетим жана ыйгарым укуктарым  туризмди өнүктүрүү жаатындагы  мамлекеттик системаны өзгөртүүгө жана жергиликтүү калктын  туристтерге болгон мамилесин өзгөртүүгө багытталат;

-кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйм;

- жергиликтүү элдин таза сууга болгон муктаждыгын жоюу боюнча суроолорду , маселелерди чечүүгө аракет кылам;

-Өнүгүү, өлкөнүн экономикасын чыңдоо, жарандарыбыздын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоого багытталган мыйзам долбоорлорун демилгелейм;

- Аймактагы  туристтик жайларды электрлештирүү, электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана байланыш тармактарынын ишин сапатташтыруу жана райондун туристтик локацияларын интернетке чыгуу мүмкүнчүлүгүн чечүүгө өзгөчө көңүл бурам;

- Аймактын өспүрүмдөрүнүн жана жаштарынын салттуу баалуулуктарын эске алуу менен адеп- ахлактын, тарбиялык программанын концепциясын иштеп чыгууга даярмын;

- Аймактын, айылдын жаштары менен иштөө тажрыйбамды   жаңы муундун ишмердүүлүгүн жаратмандыкка багыттоо үчүн пайдаланууга буруу аракетин жасайм;

- Жумушка орношууда жаралган  көйгөйлөрдү жоюу  үчүн Ысык-Көл районунда кыска мөөнөттүү кайра даярдоо курстарын киргизүү зарыл деп эсептейм.  Андыктан профилдик  органдар, ведомстволор менен биргеликте жергиликтүү калк үчүн эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча окуу курстарын, программаларын иштеп чыгууга даярмын;

- Биздин баарыбыздын сүйүктүү  Ысык-Көлүбүздүн экологиясын, биосфералык аймагын  коргоого бардык күч-аракетимди жумшаймын;

- Ысык-Көл облусу туристтик аймак болгондуктан   таштанды таштоочу жай, саркынды сууларды тазалоочу  курулуштардын маселеси курч турат жана бул маселелер көйгөйдүү чечүүнү талап кылат.  Көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар тараптар менен биргеликте маселерди чечүүгө аракеттенем;

- Жумушсуздуктун деңгээлин азайтууга жана жаңы жумуш орундарын уюштурууга шарттарды түзүүгө багыттылган мыйзам долбоорлорун демилгелейм;

- Менин программамдын негизги багыты аймакка инвестиция тартууга багытталган иштер болот.  Анткени жагымдуу инвестициялык климат түзүү, ишкердикти колдоо, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү, ошондой эле инновациялык жана ишкердик  демилгелерди колдоо аймактын экономикасын өнүктүрүүгө жана калктын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт;

-Жеткиликтүү билим берүү  биздин балдарыбыздын жаркын келечегинин башаты.  Жергиликтүү калктын, райондун тургундарына сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн мектепке чейинки, мектептеги билим берүүнүн жана медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселесине өзгөчө  көңүл бурам;

- Райондун жарандары менен өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыгат.  Маанилүү маселелер боюнча үзгүлтүксүз отчеттор жана кеңештер бериле турган бир платформада тыгыз иштешебиз, коомдук кабылдама ачам;

- райондун аймагында жайгашкан курорттук-ден соолукту чыңдоочу борборлор менен пансионаттар жана башка ишканаларга ишке орношууда негизги артыкчылык жергиликтүү калкка берилиши керек деп эсептейм;

-  бюджеттик  каражаттардын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылам