Таза суу-калкыбыздын саламаттыгын сактоодогу негизги фактор

Ысык-Көл районунда таза суу маселеси курч бойдон калууда.

Бул биздин программадагы артыкчылыктуу багыт болот. Ичүүчү суу менен камсыздалышы Кыргыз Республикасын Президенти тарабынан бекитилген  өнүктүрүүнүн улуттук программасында, 2025-жылдарга чейин Кыргызстандын бардык аймактары ичүүчү суу менен камсыздоо тапшырмасы коюлган.

Аталган программалардын алкагында республикалык бюджеттен жана башка эл аралык донорлор менен таза суу көйгөйүн чечүү, калктын саламаттыгына кам көрүү аракетин көрөбүз.

Айыл чарба тармагы

Кыргыз Республикасынын жети облусу айыл чарба тармагы менен эмгектенип оздорунун жашоо турмушун жакшыртып келишет.

Айыл чарба тармагын региондордо онуктурууго жана дыйкандар тарабынан остурулгон осумдук,жер-жемиштерди импорт,экспорт менен чыгарууга шарт тузууго мезгил келди. Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарына айыл чарба техникалык базаларын чындоо жагын колго алуу. Иригация маселесине конул буруп БРС,БДР лерди кошумча куруу жагы бугунку кундун ото курч маселе болуп турат.Айыл чарба тармагына конул буруп дыйкан фермерлерге шарт тузулсо олкобуз онуугу жолуна тушот.

Жайыт маселесинин мыйзамын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгы жок эмес.

Экологияны сактоо

Ысык-Көл – кыргыз деңизи, сыймыгы жана бермети. Аны сактоо –биздин ыйык милдетибиз. Тилекке каршы, көл жээгиндеги эс алуучу жайларынын көбүндө саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын эскилиги жеткенине байланыштуу көлүбүз булганып жатат.

Мейманкана үйлөр башаламан салынып, айылдарда септиктер гана колдонулуп, экологиялык нормаларга жооп бербей, биосфералык аймагыбыздын абалы начарлап келет. 

Андыктан, Президентибиздин “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү” жөнүндө жарлыгына ылайык, саркынды сууларды тазалоо боюнча система орнотуу аракетин активдүү көрөбүз.

Учурда Дүйнө жүзүндө таштандыны кайра иштетип, андан пайда табуу иши жолго коюлган. Бирок, бизде бул маселе да көйгөй бойдон калууда. Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу үчүн инвестиция тартуу менен, айлананы тазалап, жумушчу орундарды түзөбүз.

Билим берүү  жана  медицина

Мектептерди өнүктүрүү боюнча комплекстүү иш-чаралар, акыркы жана заманбап технологияларды киргизүү, бала бакчаларды куруу жана оңдоону демилгелейбиз.

Кай бир предметтик мугалимдердин жетишсиздиги билим берүүгө кедергисин тийгизбей койбойт. Ошондой эле көйгөй медицина тармагында да кадр жетишсиздиги жок эмес.

Жергиликтүү бюджеттен жаштардын билим алуусу үчүн контракттык акысын төлөп берип, окууну аяктагандан кийин аймагыбызда иш менен камсыз кылуу жөнүндө аракеттерди көрөбүз.

Медициналык жардамдын сапаттуу, тез жана бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болуш үчүн шарттарды түзүү.

Медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын камсыздоо, жаңы дарылоо технологияларын киргизүү.

Социалдык блок

Программадагы маанилүү багыттын бири - өсүп келе жаткан жаш муундарга, пенсионерлерге жана жакырларга кам көрүү. Алардын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү, социалдык тейлөө тутумун өркүндөтүүнү, социалдык кызмат чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөргө жаңы ыкмаларды иштеп чыгууну талап кылат.

Жеткиликтүү жана тез медициналык жардам. Пенсионерлерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана жакырларга социалдык колдоо. Балдарынын билим алуусуна көмөктөшүү.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бирдиктүү реестрин түзүү, бул социалдык саясатты оптималдуу жүргүзүүгө, даректүү социалдык жардам көрсөтүүгө, майыптар үчүн инфраструктураны жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет.

Инклюзивдик билим берүүнү, кесиптик билим берүүнү жана майыптарды иш менен камсыз кылууну өнүктүрүү. ДМЧАлардын жашоо сапатын жогорулатуу.

Жаштарды ар тараптан колдоо

Ысык-Көл районунда 18ге чыккан жаштарга жер берүү маселеси курч болуп турат. Андыктан, ГИДтин программасынын алкагында ипотекага көп кабаттуу үйлөрдү салуу менен бул маселени чечүүгө болот.

Жаштар Мекенинде жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Аймактарда жаңы жумуш орундарынын түзүлүүсүнө өбөлгө беребиз. Ишкерликке окутууларды жүргүзүү жана чакан ишкерликти колдоо.

Спорт инфраструктурасын түзүү, өспүрүмдөрдүн арасында спортту өнүктүрүү, спорттук мекемелерди ыңгайлуу шарттарда уюштуруу, массалык спорттук иш-чараларды, сергек жашоону жайылтуу.