Экономика багыты:

  • Бизнестин бардык түрлөрүнө, кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу  шарттарды түзүү багыттында ишкердүүлүктүн жакшыруусуна бөгөт койгон административдик барьерлерди  жок кылуу.
  • Айылдарда инфраструктураны жакшыртуу, калкты байланыш кызматы менен тейлөөнү,  ички жолдорду  ондоо жана транспорт катнаштарын жакшыртуу, элди таза , жана сугат суу менен камсыз кылуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү багытында натыйжалуу иш аракеттерди  көрүү.
  • Капиталдык салымдарды өнүктүрүү, негизинен калкты турак жай сатып алуу үчүн жеңилдетилген кредит берүү;
  • Экономикалык киреше алып келүүчү долбоорлорго каралган кредиттердин пайыздарын жеке ишкерлерге төмөндөтүү.
  • Бюджеттик кызматкерлер, иреттеги жарандар үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу жана  ипотекага берүү;
  • Ар бир жаранга эркин ишкерлик шарт түзүү.
  • Ар бир тармакта тажрыйбалуу кесипкөй кадрларды кызматка коюу.
  • Балыкчы жана Ысык-Көл районунун ар бир айылдарына коомдук транспорт жана экологиялык багытта электр автобустарды рейске коюу.
  • Айыл чарба тармагында сандан сапатка карай өнүктүрүүдө асыл тукум жана үрөн чарбаларды көбөйтүү.

Инфраструктура:

  • Чолпон-Ата шаарына айланма жолду куруу.
  • Балыкчы шаарындагы экологиялык постту жандандыруу.
  • Жайыт инфракструктурасын жакшыртуу.
  • Ысык-Көл облусунун негизги трассасын тротуар жана кечки жарык менен камсыздоо.

Социалдык тармак:

      

  • Денсоолугуна мумкунчулугу чектелген балдар учун инклюзивдик коррекциялык класстарды ачуу.
  • Ардагерлердин, майыптардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдү материалдык колдоо менен бирге адрестик иш алып барууну күчөтүү.
  • Ар бир айылдарда жана шаарда заманбап маданий, бош убакытты өткөрүүчү спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, кызыкдар кызматтар менен бирге калкты жарандык-патриоттук тарбиялоону күчотүү.
  • Жаштарды колдоо жана алардын идеяларын, жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү,таланттуу жаштарды колдоо.
  • Ар бир айыл аймагына заманбап кинотеатрларды уюштууру, жана маданият чойросуно таандык имараттарды ишке киргизүү. Айыл жериндеги кыргыз элинин маданиятын, ыйык мурастарын жайылтычуу топторду колдоо.

Туризм:

  • Ысык-Көл биосфера аймагынын бирдиктүү экологиялык системасын сактоого, экосистеманын булгануусунун алдын алуу, көлдөгү флора жана фауна сактоо, агып чыкма суулардын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу.
  • Шайлоочулар менен тез-тез жолугушуп туруу жана көтөрүлгөн көйгөй маселелерди чечүү, иш алып баруу, мыйзам долбоорлорун жазуу жана шайлоочуларга аткарылып жаткан иштер боюнча отчет катары маалымат берип туруу.