• Инвестиция тартуу жолу менен Кыргызстандын ири курулуш компанияларынын Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында турак жай куруу долбоорун ишке ашыруу. "Социалдык турак жай 2021-2027" мамлекеттик программасынын максаты - ар бир үй-бүлөнү үй менен камсыз кылуу. Биздин өлкөдө үйү жок бир дагы үй-бүлө болбошу керек.
  • Айыл чарба продукциясын өндүрүү ишиң өнүктүрүү, дыйканчылык жерлерде сугат деңгээлин жогорулатуу ирриграциялык системаларды өнүктүрүү жана ирриграциялык технологияларды өркүндөтүү.
  • Айыл жериндеги адамдардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында - ар бир калктуу конушту ичүүчү таза суу менен камсыздоо. Ирригациялык тармактарды калыбына келтирүү – Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларынын жашыл зонасын сактоонун маанилүү аспектилеринин бири болуп саналат.
  • Ысык-Көлдө көп өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүн өзүбүдүн гана базарларда эмес, чет өлкөлөргө чыгаруу жолдорун уюштуруу. Дыйкандардын эмгегинен жаралган азык түлүктөрдүн жогорку баада сатылышына шарт түзүү, келечекте продукцияларды экспорттоо.
  • Аялдардын ишкердик активдүүлүгүн жогорулатуу жана социалдык-экономикалык өнүгүүдө аялдардын ролун күчөтүү боюнча эл аралык долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу.
  • Эмгек мигранттарынын балдарын каттоого алуу жана аларга ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу, үй-бүлѳдѳгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жѳнүндѳгү мыйзамдын толук аткарылышын камсыздоо, үй-бүлѳдѳгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү.
  • Мектептерде сергек жашоо жана адеп-ахлак боюнча сабактарды жандандыруу.
  • Ысык-Көл биосфералык аймагын коргоо жана туризимди өнүктүрүү. Туризмди өнүктүрүү жана туризм жагынан иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдалануу.
  • Өсүп келе жаткан муун биздин келечегибиз ошондуктан жаштарыбыз татыктуу билим, тарбия алуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүшүбүз зарыл. Жаштардын профессионалдык спорт жана маданий жактан өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.