Негизги максатым – жаратман эмгек менен ар бир жарандын жана бүтүндөй өлкөнүн гүлдөп-өсүшү.

Мен чыныгы эгемендүү Кыргызстанды - эркин коомду жана өнүккөн инновациялык, жашыл экономикасы бар өлкөнү, экологиялык агрокомплекси бар мамлекетти курууга жана бекемдөөгө багытталган саясатты колдойм.

  1. Инновациялык өлкө;
  2. Спорт жана калктын саламаттыгы;
  3. Социалдык коргоо;
  4. Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Өнүккөн мамлекет.  Өлкөнүн бардык жарандарынын материалдык жана руханий жыргалчылыгы.

Бул үчүн бизге:

  • Билим берүү жана маданий программаларды каржылык жактан колдоо;
  • Калктын социалдык жактан аялуу катмарын көтөрүү (жумушсуздар, пенсионерлер, майыптар);
  • Эмгекке кеилдик жана коопсуздук;
  • Кыргызстан элинин биримдиги.
  1. Инновациялык өлкө.

Менин максатым Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүү.

Артыкчылыктар:

  • Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жогорку ылдамдыктагы интернет. IT өнүктүрүү;
  • Инвестициялардын системалык туруктуу агымынын түзүү;
  • Технологиялык өндүрүш;
  • Интеллектуалдык менчикти коргоо;
  • IT технологиялар паркын түзүү;