Максутов Манас Кутчубекович

Мен Максутов Манас Кутчубекович 1985жылы Август айынын 9-чу күнү жөнөкөй жумушчунун үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келгем.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы Октябрь айылындагы №33 Макаренко атындагы орто мектебине 1-класска кирдим. 2003-жылы №33 Р.Исманалиев атындагы орто мектебин ийгиликтүү аяктадым.

2005жылы Кыргыз Республикасынын Абадан коргонуу күчтөрүнө  кызматка чакырылып,сержант наамына жетип кызмат өтөп келдим.

2010жылы №75-кесиптик лицейинин электр жана газ ширетүүчү кесибин окуп бүтүрдүм.

2011-жылы №36-кесиптик лицейинде электр жабдууларын оңдоочу жана тейлөөчү электромонтёр кесибин окуп, 2012-жылы бүтүрдүм.

2019-жылы №36-кесиптик лицейинде жеке компьютердин оператору кесибин үйрөндүм.

2017-жылы К.Ш.Токтомаматов атындагы Заманбап Эл аралык Универстетине тапшырып орто билим алууга жетиштим.

Андан соң Заманбап Эл аралык Универстетинин Юриспруденция бөлүмун 2021-жылы ийгиликтүү аяктадым.

2018-жылдан 2019-ж. январь айына чейин “Доор ТВ” телеканалына башкы менеджер болуп иштедим.

  Азыркы убакта жеке ишкер. 2007жылдан баштап компьютер тармагына жана нанотехнологияга  кызыгып кооп жетишкендиктерге жетип ушул тармакта иштейм.

Учурда  Жалал-Абад  шаарында жашайм.

Уй-булоолу 3 кыз 2 уулдун атасымын.

Менин максатым жаштарды жаңы технология жана учур талабы болгон нанотехникаларга кызыктырып эбегейсиз жаныланууга үгүтөө. Билим сапатын өнүктүрүп жаныланууга аракеттенүү.