Республикалык денгээлде:

Өлкөгө тартылган инвестициялардын көлөмүн көбөйтүп ,инвесторлорго ыңгайлуу шарттарды түзүү.

 Бала-бакчалардын ишин жакшыртуу,иш чараларды көбөйтүп патриоттуулукка чакыруу. “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет?”-деген сөзгө маани берүү.

Айылдарга жана алыскы аймактарга акыркы технологияны таныштыруу.

Мектеп окуучуларын робототехникага кызыгуусун күчөтүү.

Бюджетти көтөрүу жана тышкы карыздарды кутулууга көмөктөшүү.

Мамлекеттик деңгээлде жарандарды турак жай менен камсыздандырууну күчөйтүү. Ипотеканын кагаз иштерин, процентин азайтууну жана көпчүлүкк элге жеткиликтүү болушун камсыздоо.

Медицина тармагын керектүү заманбап жабдыктар менен камсыздоо.

Билим берүү тармагында окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү.Башка мамлекетке балдарыбыз барып билим сапатын жакшыртууга шарт түзүү.

Пенсия,жөлөк пул,социалдык кагаз иштерин жеңилдетүү. Чет-өлкөлөрдө эмгектенип иштеп жургөн мигранттарыбызга керектүү мыйзамдарды иштеп чыгып, алардын турмуш шартына ыңгайлуу шарттарды түзүү.

    

Айылдык денгээлде:

Таза суу маселесин чечуу. Сугат суу маселесин чечүү,суу каналдарын куруу,дыйкандардын ишин жакшыртуу.

Дыйкандардын продукцияларын өндүрүүдөгү техникаларды жаңыланууга ыңгайлуу шарттарды түзүп, механизмдерди киргизүү. Алардын өндүрүлгөн продукцияларын мамлекеттик деңгээлде коргоого,экспортторду көбөйтүүгө мыйзам иштеп чыгуу.

Медицина тармагын керектүү жабдыктарды жаңылоо менен камсыздоо жана элдин ден-соолугун жакшыртуу.

Билим берүү тармагында окуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, китеп жана окуу куралдарын толук кандуу камсыздоого көмөктөшүү.

Маданият үйлөрдүн эски объектилеринин абалын жакшыртуу, маданий иш-чараларды уюштуруу.

Бала-бакчалардын тамак-аш,ысык суу маселелери боюнча жакшы шарттарды түзүү, балдардын келечегине кам көрүү.

Айылдардагы жана алыскы аймактагы жаштарга азыркы замандын тилиндеги техниканы таныштыруу менен изилдеп окууга шарттарды түзүү.

Интелектуалдуу жаштарга колдоого алып,дүйнөлүк деңгелге алып чыгуу.

Келечектеги муун-жаркыраган замандын ээси. Биз келечекти курууга милдеттүүбүз!