ТАГАЕВ МИРЛАН КОНУРОВИЧ
Фамилиясы: Тагаев
Аты:Мирлан
Атасынын аты: Конурович
Туулган датасы:23 ноябрь 1988ж
Иштеген жери жана ээлеген кызматы: «Алтын уя» мектеби, Директор.
Жалпы маалымат (кыскача өмүр баяны): 1988-жылдын 23-ноябрында Ош областы Сүлүктү шаарында интеллегенттердин үй-бүлөсүндө туулганмын (атам – аскер кызматкери, апам – мугалим). Үй-бүлөлүүмүн, үч уул жана эки кызым бар. Билимим:1995-жылы Р. Жолбаев атындагы № 4 орто мектепке кирип, 2006-жылы № 9 гимназияны артыкчылык менен аяктагам; 2011-жылы КР ИИМ Академиясын аяктагам; 2014-жылы Санкт-Петербург ИИМ университетинин илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетин аяктап, "КРнын укук системасындагы формалдуу-юридикалык укук булактары" темасында диссертация даярдалган; 2012-жылы ошол эле университетте "Жогорку мектеп мугалими" программасын өздөштүрдүм; 2021-жылы КРнын Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун саясий-укуктук изилдөөлөр бөлүмүнө докторантурага кабыл алындым. Изилдөөмдүн темасы: «Эгемен Кыргызстандын башкаруу формасы: саясий-укуктук анализ».
Лозунг: Мен – мыйзам “таяк” эмес, а “калкан” боло алаарына ишенген адаммын!