Мен юристмин, окумуштуумун, бирок баарынан мурда мен – мыйзам таяк эмес, а калкан боло аларына ишенген адаммын. Мен парламентке бийлик же кресло үчүн бара жаткан жокмун. Мен бул жерге элдин акыйкаттыкка болгон ишеними менен сыйын кайтаруу үчүн аттануудамын.

МЕНИН МАКСАТЫМ – АР БИР ЖАРАН: «МАМЛЕКЕТ – БУЛ БИЗ», - ДЕП АЙТЫШЫ КЕРЕК

Бул жерлер – өлкөнүн дарбазасы, анын сыймыгы жана жүрөгү. Бул жердеги адамдар бирөөдөн жардам, кайыр-садака күтүшпөйт, бул жерде алар иштешет, чек араны коргошот жана өлкөгө тирек болуп турушат. Бирок бул аймакта жашаган элдин жүрөгү шайлоо алдында келип, бийик сүйлөп, көп нерсени убадалап коюп, анан жоголуп кеткендердин алдамчылыгынан, куру убадаларынан жана кайдыгерлигинен ооруп калганына көп болду.

Мен бул айлампаны үзүү үчүн баратамын. Чечимдер

«Бишкекте Баткен үчүн» эмес, а Баткен менен бирге, бул жерди таштап кетпеген, кадыр-баркын жана ишенимин сактаган, убадаларга эмес, а урмат-сыйга татыктуу адамдар үчүн кабыл алынышы керек.

 

Дареги жана байланыш маалыматтары: Баткен областы, Сулукту шаары, А.Аширалиев кочосу 17/2

Тел.: +996706231188

Почта: mirlan_tagaev@mail.ru