АЙДАРОВА АЙГҮЛ АБДИСАЛАМОВНА

Мен, Айдарова Айгүл Абдисаламовна, 1989-жылдын 15-мартында Кыргыз ССРинин Ош облусуна караштуу Баткен районунун Самаркандек айылында төрөлгөнмүн.

1995–2006-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүндөгү ошол эле аталыштагы орто мектепте билим алдым.

2012-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Алиев Э. А. атындагы Академиясын аяктап, «Юриспруденция» адистиги боюнча юрист квалификациясы ыйгарылган.

2021-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде «Экономика» багыты боюнча бакалавр квалификациясын алдым.

Кызматтык ишмердүүлүгүмдү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында 2012-жылы Чүй облусунун Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп баштаганмын.

2013–2014-жылдары Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө тергөөчү болуп кызмат өтөгөм.

2014-жылы өз арызымдын негизинде ички иштер органдарынан аскердик запаска алынып, өз арызымдын негизинде бошотулганмын.

2016–2017-жылдары «Аалем-Кызматлери» ЖЧКсында котормочу болуп эмгектенгенмин.

2018-жылдын 27-июнунда өз арызымдын негизинде кайрадан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кызматка кабыл алынганмын.

2021-жылдын 20-декабрында өз каалоом менен ички иштер органдарынан аскердик эсепке коюлуу менен бошотулганмын.

2022-жылдын 26-январында «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаты катары ыйгарым укуктарымды аткарууга киришкем