Мыйзамдуулук

Укуктун үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүктү жана тең укуктуулукту камсыздоо.

Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салуудан ошондой эле үй бүлө, ата-эне жана балдарды коргоо.

Чек ара жана укук коргоо тармагы

Баткен гарнизонундагы аскер кызматкерлердин  статусун көтөрүү жана социалдык жактан коргоону камсыздоо.

Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерин коммуналдык кызмат акыларынан 50 пайызга чейин жеңилдик менен республикалык бюджеттен камсыздоо жана коомдук автотранспорттордо акысыз жүрүүгө уруксат берүү.

 

Медицина

Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча укуктук, экономикалык, социалдык жана медициналык негиздерди, кепилдиктерди жана чараларды көрүү.

Кесиптик компетенттүү медициналык жогорку жана атайын орто кесипке даярдоо жана окутуу.

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын медицианалык Акдемиясынын филиалын куруу жана кесипкөй адистерди даярдап окутууну ишке ашыруу.

Айылдагы фельдшердик акушердик пункттарды, райондук жана облустук медициналык мекемелерди типтүү нормаларга ылайык келтирип куруу жана аны материалдык, техникалык база жана тиешелүү адистер менен камсыздоо.

Салык чөйрөсүндө

Салык төлөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана облустун чегинде жеңилдиктерди көрүү.

Билим берүү

Алыскы жана жетүүгө кыйын тоолуу аймактарда орто мектептердин жаңы имараттарын куруп ишке берүү.

Мугалимдердин эмгек акыларын кайра карап чыгуу.

Окуучуларды окуу китептер менен талапка ылайык камсыздоо.

Транспорт

Темир жол куруу жана коңушулаш жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен байланышка чыгуу. Ички жолдорду асфальттоо.

Баткен жана Раззаков шаарларындагы аэропортторду эл аралык статуска ылайыкташтыруу.

Иш менен камсыздоо

Республикалык бюджеттен жана инвестиция жолу менен чакан, орто жана ири бизнести колдоо.

Жаңы өндүрштүк ишканаларды  куруп ишке киргизүү.

Баткен облусунда автоунаа чогултуучу завод куруу.