ЖОРОЕВ ИСМАНАЛИ ЭГЕМБЕРДИЕВИЧ
Мен, Жороев Исманали Эгембердиевич, 1977-жылдын 8-декабрында Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана шаарында туулгам.
Билими. 2007-жылы Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясын «Юриспруденция» адистиги боюнча, 2012-жылы Президентке караштуу Башкаруу академиясынын магистратурасын «Менеджмент» багыты боюнча аяктадым. 2024-жылы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Курулуш» багыты боюнча бакалавр даражасын алдым.
Эмгек жолу. 2006–2009-жылдары укук коргоо органдарында кызмат өтөп, 2009–2010-жылдары Президенттик Аппаратта жетекчинин жардамчысы болуп иштегем. 2010–2011-жылдары Жогорку Кеңеш депутатынын консультанты болуп эмгектендим. 2015-жылдан бери «Илек Строй групп» ЖЧКсынын директору болуп иштеп келем.
Сыйлыктар. Мамлекеттик, өкмөттүк жана ведомстволук сыйлыктардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасынын жана «Кыргыз Республикасынын Ардактуу куруучусу» төш белгисинин ээсимин. Ошондой эле бир катар коомдук жана эл аралык уюмдардын сыйлыктарына татыдым. Баткен облусунун Лейлек районунун ардактуу атуулум.
Коомдук ишмердүүлүк. Коомдук жана социалдык демилгелерге активдүү катышып келем. 2024-жылы Раззаков шаарында Баткен окуяларында жана чек ара жаңжалдарында курман болгон аскерлерге арналган мемориалдык эстелик курдум. 2023-жылы Лейлек районунун Максат айылында Мамлекеттик тууну жана гербди орнотуу демилгесин ишке ашырдым. Мындан тышкары, медресе куруу, тез жардам унааларын берүү, муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү сыяктуу иштерди ишке ашырдым.
Үй-бүлөлүк абалы. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасымын.