Урматтуу шайлоочулар!

         Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигимди коюп, Сиздерге коомубуздун жана мамлекетибиздин өнүгүшүнүн негизги маселелерин чечүүгө багытталган өзүмдүн шайлоо алдындагы программамды сунуштайм.

         Негизги максатым – ар бир жаран үчүн жашоо деңгээлин жана үй-бүлөнүн кирешесин жогорулатуу. Бул үчүн заманбап жана жакшы маяналуу жумуш орундарын түзүү зарыл. Мындай мүмкүнчүлүк борбордо гана эмес, чек ара аймактарында да болушу шарт. Региондордун экономикасын көтөрүү ички жана тышкы инвестициялардын коопсуздугун камсыздоодо гана мүмкүн болуп, бул айылдарды бекемдеп, адамдарга өз жеринде келечек курууга шарт түзөт.

         Өзгөчө көңүл жаштарга жана билим берүү тармагына бурулушу зарыл. Жаш адистерди айылдарга жана жетүүгө кыйын райондорго жөнөтүү боюнча жаңы мамлекеттик программаны сунуштайм. Жаштарды ишке орноштурууда иш берүүчүлөрдү стимулдаштыруу, кесиптик багыт берүү системасын өнүктүрүү жана заман талабына ылайык кесиптик билим берүүнү модернизациялоо маанилүү. Ата-энесиз калган балдарга жана бүтүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүп, студенттик кампус куруу зарыл. Билим берүү бардык деңгээлде – бала бакчадан тартып илимий даражага чейин – ар бир жаранга жеткиликтүү жана сапаттуу болушу керек. Айрыкча Баткен облусу сыяктуу чек ара аймактарында билим берүүдө теңдик камсыздалышы зарыл.

         Үй-бүлө – коомдун пайдубалы. Ошондуктан мен мыйзамдык деңгээлде үй-бүлөнү чыңдоону колдойм. Бул үчүн кварталдык, айылдык жана райондук деңгээлде элдештирүү кеңештерин түзүп, аларга үй-бүлөлүк талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу укугун берүү зарыл. Балдарга болгон сүйүү, ата-энелик мээрим жана муундардын тилектештиги – көп улуттуу өлкөбүздүн түпкү баалуулуктары. Мамлекетибиздин өнүгүүсү дал ушул баалуулуктарга таянышы керек.

         Депутат катары негизги артыкчылыгым билим берүү, жаштарга колдоо көрсөтүү жана үй-бүлөнү бекемдөө болот. Себеби мына ушул багыттар аркылуу биз Кыргызстандын келечегин  камсыз кылып, күчтүү мамлекетти куруп, ар бир жарандын эртеңки күнүнө ишеним бере алабыз.

         Мен баса белгилеп айткым келет: элибиздин жана өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн мүмкүн болгон бардык ишти жасадым, жасап жатам жана мындан ары да жасай берем. Коомго кызмат кылуу – бул сөз эмес, ар бир шайлоочуга болгон чынчылдыкты, сабырдуулукту жана жоопкерчиликти талап кылган иш.