АЖИБАЕВ ЧЫНГЫЗ ИЛЬЯСКОЖОЕВИЧ

1991-жылдын 16-майында Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2014-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридикалык факультетин “Юриспрудентция” адистиги боюнча аяктаган. 2011-2013-жылдары Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин алдындагы ЖОЖдор аралык аскер кафедрасын бүтүргөн. 2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коомдук жардамчысы. 2017-2021-жылдары Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында тергөөчү; 2021-жылы №1 Лейлек шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин торагасынын орун басары.

Аскердик даражасы юстициянын ага лейтенанты. Класстык чини: Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.