№1-шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевичтин шайлоо алдындагы программасы
Ар бир үй-бүлөнүн жеке турак жайы болушу керек
Кыргызстанда жашаган ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жеке турак-жайы болушу керек. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) элди үй менен камсыз кылууда алгылыктуу иштерди жасап жатат. Ар бир үй-бүлөнүн турак-жайга болгон конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн МИКтин механизмдерин мыйзамдык жактан өркүндөтүү демилгеленет. Бул биздин аймак үчүн МИКке бюджеттик каржылоону көбөйтүүгө жана жеке турак-жайы жок жарандар үчүн ипотекалык программалардын жеткиликтүүлүгүнүн критерийлерин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыйт.
Билимдүү жаштар - биздин жаркын келечегибиз
Келечек билимдүү жаштардыкы. Технология өнүккөн бул доордо жаштарыбызга заманбап таалим берип, турмушта татыктуу ордун табуусун камсыз кылууга кол сунуу, жардам берүү биздин милдет. Заманбап билим алуу үчүн шарттарды түзүү максатында аймактагы спорт залдарды, китепканаларды жана IT-борборлорду курууга жана модернизациялоого каражаттарды республикалык бюджетке киргизүү үчүн мыйзам чыгаруу демилгеси колго алынат. Билим – эң жакшы инвестиция экенин далилдеп, бул багытта комплекстүү иштерди аткарабыз.
Суу – жашоонун негизги булагы
Биздин аймакта элдин негизги көйгөйү сугат жана ичүүчү таза суу. Калкты сугат жана таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн парламенттик угууларды жана суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик программалардын аткарылышына көзөмөл кылууну демилгелейм. Жер астындагы суу ресурстарын изилдөөгө, казып алууга жана өздөштүрүүгө багытталган геологиялык чалгындоо иштерин токтоосуз мамлекеттик каржылоого, ошондой эле жер үстүндөгү сууларды максималдуу пайдаланууну мыйзамдык жактан камсыз кылууга жетишем. Элдин жашоосун жакшыртуу, калктын миграциялык агымын басаңдатуу үчүн бул иштерди тез арада аткарышыбыз керек.
Ички жана тышкы миграцияга болгон мамиле
Аймактарда транспорт, турак-жай, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына инвестицияларды тартуу менен ички миграциянын агымын азайтуу. Биздин аймакта жашаган жашоочулардын киреше булагынын бири мигрант уул-кыздарынын тапкан каражаты. Эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелейм. Ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарына комплекстүү укуктук жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик же жеке-мамлекеттик фонддорду түзүүнү мыйзамдык деңгээлде камсыз кылууга жетишем.
Ар бир адам татыктуу жашоого укуктуу
Бул жарык дүйнөгө келген ар бир инсан татыктуу жашоого акылуу. Бул үчүн мекендештерибизде жарандык укуктары корголгон, жетиштүү турмуш деңгээли жана ыңгайлуу жашоо шарттары болушу керек. Элге кызмат кылуу үчүн аттанган адам катары, аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнө парламенттик контролду ишке ашырууга, калктын атынан мыйзам чыгаруу демилгелерин сунуштоого жана системалуу маселелерди чечүүгө менин билимим да, тажрыйбам да жетиштүү.
Биз жаркын максаттарга чогуу жетебиз!