ТЕМИРБАЕВА МИРГУЛ ОМУРЗАКОВНА
Темирбаева Миргул Омурзаковна 1979-жылы 13-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында туулган. 1996-жылы Тогуз-Булак орто мектебин “алтын медаль” менен аяктаган. Билими жогорку. 2001-жылы Бишкек мамлекеттик университетинин филология факультетин «түркология», кошумча референт-котормочу адистиги боюнча бүтүргөн. 2001–2004-жылдары КР Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында билим алган. 2023-жылы КР Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясын аяктаган. Азыркы учурда Дипакадемияда докторантурада (PhD) билимин улантууда.
Эмгек жолу:
2004–2007-жылдары — Бишкек шаарындагы жеке ишканада котормочу;
2007–2008-жылдары — Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинде ага окутуучу жана окумуштуу катчы;
2008–2011-жылдары — Москва шаарындагы «Стройтехника» ЖЧКсында бухгалтер;
2011–2012-жылдары — «Уста» ЖЧКсында башкы бухгалтер, директордун орун басары;
2015–2021-жылдары — «Сырма Текстиль-Бишкек» ЖЧКсынын директору.
2021-жылы «Ишеним» саясий партиясынын тизмеси менен КР Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү. Бир уул, бир кыздын энеси.