Мен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышында депутат катары негизинен эң алыскы жана шарты оор аймактардын бири болгон Баткен облусу, анын ичинде Лейлек районунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иш алып бардым.
Менин максатым — Лейлек элинин жашоосун жакшыртып, ар бир жаранга билим алып, иштеп, татыктуу жашоого жетишүү мүмкүнчүлүгүн түзүү. Эл менен бирге өнүгүп, районубуздун ар тармагында туруктуу өзгөрүүлөрдү камсыздоо болуп саналат.
Баткен облусунун Лейлек районунун айылдары чек ара аймактары болгондуктан, бул аймактар үчүн эң маанилүү стратегиялык маселе — ички жана тышкы миграцияга бөгөт коюу болуп саналат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, Баткен облусу Кыргызстан боюнча миграциянын деңгээли боюнча биринчи орунда турат. Ушул жагдайды эске алуу менен, чек ара аймактарында иш орундарын түзүү, ишке жарамдуу жаштарды өз жеринде кармап калуу зарыл экендигин түшүндүм.
Бул багытта энергетика жана айыл чарба тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кириштим. Натыйжада, 2025-жылдын сентябрь айында Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында жалпы 100 гектар аянтты камтыган күн электр станциясынын курулушу башталды. Бул долбоордун алкагында Лейлек районунда 1500 жаңы жумуш орду түзүлүп, райондун социалдык-экономикалык абалынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, күн панелдеринин астындагы бош аянттарды натыйжалуу пайдалануу максатында ал жерлерде экологиялык жактан таза кулпунай, чычырканак, малина жана карагат сыяктуу мөмө-жемиштерди өстүрүү пландаштырылган.
Азыркы учурда Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагында 752 гектар, ал эми Кулунду айыл өкмөтүндө 135 гектар аянтты камтыган күн электр станцияларын, ал эми Раззаков шаарында жылуулук электр станциясын куруу долбоорлору боюнча иш алып барып жатам.
Аталган долбоорлордун жалпы суммасы 200 млн. АКШ долл. түзүп, ийгиликтүү ишке ашырылса: Баткен облусунун энергетикалык коопсуздугун чыңдоого, калкты үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү энергия менен камсыздоого, жергиликтүү бюджетке кошумча киреше алып келүүгө; энергетика тармагында жаңы жумуш орундарын түзүүгө; айыл чарба жана социалдык инфраструктуранын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Мындан тышкары депутататтык ишмердүүлүгүмдүн алкагында билим берүү тармагында бир катар жемиштүү натыйжаларга жетиштим. Атап айтканда, Лейлек районунун Раззаков шаарында “Лейлекте жашап — бүткүл дүйнө менен иште!” деген ураандын алдында форум өткөрүп, анын алкагында Бишкек шаарындагы IT академиясынын филиалын ачтым. Бул Баткен облусунда ачылган эң алгачкы Академия болду. Алдыда Раззаков шаарына аскердик окуу жайды ачуунун үстүнөн иш алып барып жатам.
Бул демилгенин негизги максаты — Лейлек районунун жаштары менен кыз-келиндеринин маалыматтык технологиялар багытындагы билим алым, жаңы заманбап кесиптик көндүмдөрдү үйрөнө алышат. Айрыкча үй шартында эмгектенген кыз-келиндер үчүн бул демилге чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Алар талаадагы оор жумуштардын ордуна компьютердик жана интернет технологияларын өздөштүрүү аркылуу эл аралык компаниялар менен онлайн форматта кызматташып, доллар менен маяна алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Мен Баткен жана Лейлек элимин келечегине ишенем! Эгер эл ишеним артып, колдоо көрсөтсө, биргелешип өнүгүү үчүн чоң иштерди жасай алабыз деп так, ишеним менен айта аламын!