НАБИЕВА АСЕЛЬ БУРХАНОВНА
Мен, Набиева Асель Бурхановна 1983-жылдын 8-октябрында Ош облусунун Лейлек районуна караштуу Исфана айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам- Набиев Бурхан Набиевич (1942–1990) — белгилүү советтик партиялык ишмер, мугалим, насаатчы, райком комсомолунун жана райком партиясынын катчысы, Ош обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн орун басары, Лейлек райондук аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Апам — Садирова Жамал Садировна, ардактуу эс алуудагы мугалим, эл агартуу тармагында 42 жыл эмгектенген, 84 жашта. Үч агам жана бир эжем бар.
Билим тууралуу маалымдама:
Мен Исфана шаарындагы №1 гимназия мектептен билим алып, артыкчылык аттестаты менен аяктагам. Жогорку билим боюнча үч дипломдун ээсимин.
2000–2005-жылдары М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде «Чет тили жана адабият мугалими/котормочу» адистиги боюнча окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөм.
2010–2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» багыты боюнча билим алып, мамлекеттик башкаруу жаатында магистр даражасына ээ болгом.
2017–2019-жылдары Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетин «Бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктагам.
Эмгек жолум:
Эмгек ишмердүүлүгүмдү 2004-жылы Лейлек районундагы №1 гимназияда англис тили мугалими катары баштагам.
2007–2009-жылдары Баткен облусунда Европа Биримдигинин «Региондор аралык сооданы өнүктүрүү» долбоорунда котормочу/ассистент болуп иштегем.
2010–2012-жылдары БУУнун Качкындар боюнча агенттигинде программалык маселелер боюнча ассистент болуп эмгектендим.
2014–2016-жылдары БУУнун Өнүктүрүү программасында (БУУӨП) административдик жана финансылык иштер боюнча ассистент болуп иштедим.
2017-жылы Ливан Республикасынын Триполи шаарында БУУнун Качкындар боюнча агенттигинде программалык маселелер боюнча консультант болуп кызмат өтөдүм.
2017–2021-жылдар аралыгында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунда, Польша Республикасынын Варшава шаарында улук административдик ассистент болуп иштегем.
2022-жылы Түркия Республикасынын Газиантеп шаарында БУУнун Качкындар боюнча агенттигинде консультант болуп иштедим.
2024–2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде депутаттын консультанты болуп эмгектендим.
Кыргыз, орус, англис, түрк, француз, немис жана өзбек тилдеринде эркин сүйлөйм.