Менин эң негизги максатым – өлөбүздүн жана региондордун өнүгүүсүнө татыктуу инвестицияларды тартууга, билим берүү тармагын жакшыртууга, жарандардын укуктарын коргоого жана натыйжалуу мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө өз салымымды кошуу болуп саналат жана буга мүмкүнчүлүгүм жетет. Программам негизинен төрт багыттан турат.

  1. Региондорго бюджеттен тышкаркы инвестицияларды тартуу

Экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарын түзүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташуу өтө маанилүү.

Негизги багыттар:

  • Айыл чарбасына тиешелүү: негизинен, суу чарбасын өнүктүрүү, мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү колдоо, үрөнчүлүктү жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө негизги көңүлдү буруу;
  • Билим берүүдө: мектептерди толугу менен компьютерлештирүү, интерактивдүү такталар менен камсыз кылуу, мектеп имараттарын куруу жана капиталдык оңдоолордон өткөрүү.
  • Экология: климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча долбоорлорду тартуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана ага тиешелүү ресурстарды рационалдуу пайдалануу.
  1. Өлкөнүн келечеги – билимдүү жана ишенимдүү жаштардын колунда

Негизги багыттар:

  • Билим берүү иш-чаралары аркылуу колдоо:
  • Мугалимдер үчүн кайра даярдоо курстарын уюштуруу – жаңы окутуу ыкмаларын жана санариптик технологияларды өздөштүрүү;
  • Жаш адистер үчүн кайра профилдөө курстарын өткөрүү – эмгек рыногунун талаптарына ылайык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
  • Кыска мөөнөттүү курстарды уюштуруу – ашпозчу, электрик, сантехник, айдоочу, тигүүчү ж.б.у.с. кесиптер.
  • Тил боюнча курстарды ачуу – кыргыз, орус, англис, түрк, кытай жана башка тилдер боюнча.
  • Керектүү окуу китептери менен камсыз кылуу, анын ичинде окуу китептерин жана колдонмолорду санарип форматка өткөрүү (оцифровка) жана электрондук китептердин жеткиликтүүлүгүн камсыздоо;
  • Жаштар үчүн гранттарга жана стипендияларга жетишүүгө көмөктөшүү;
  • Жаштарга тажрыйба, билим жана көндүмдөрдү өткөрүп берүү үчүн насаатчылык институтун киргизүү.

III. Аялдар жана балдар үчүн укуктук жардам жана социалдык коргоо

 

Ар бир аял жана ар бир бала өлкөдө өзүн коопсуз жана корголгон жаран катары сезиши үчүн шарттарды түзүү – менин негизги милдеттеримдин бири:

Негизги багыттар:

  • Аялдарга карата акыркы мезгилде өтө көп жасалып жаткан зордук жана зомбулуктар менен күрөшүү (Акысыз укуктук жардамдарды жеткиликтүүлүгү, укуктук кеп-кеңештерди берүү боюнча тиркемелерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • Аялдар үчүн жумуш орундарын түзүү жана ар түрдүү курстарды уюштуруу;
  • Балдардын укуктарын коргоо жана алардын толук кандуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүү;
  • Аялдар жана балдар үчүн социалдык кызматтарды көрсөтүү жана Колдоо борборлорун ачуу;
  • Аялдар менен балдарды коргоо үчүн сот-укуктук системанын механизмдерин кеңейтүү.
  1. Өлкөнү жана регионду өнүктүрүүгө багытталган мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү

Негизги багыттар:

  • “Мигранттар жана диаспоралар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана сунуштоо (социалдык кепилдиктер жана укуктарды коргоо).
  • “Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу жөнүндөгү” мыйзам (экологиялык туризмди өнүктүрүү) долбоорун иштеп чыгуу;
  • “Климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жөнүндөгү” мыйзам (ыңгайлашуу жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн азайтуу чаралары) долбоору;
  • “Санариптик сабаттуулук жана киберкоопсуздук жөнүндөгү мыйзам (жарандарды окутуу жана кибер коркунучтардан коргоо) дрлбоору;
  • “Инвесторлорду коргоо жөнүндөгү” мыйзам (коопсуз инвестициялык климат түзүү) долбоору;
  • “Тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндөгү” мыйзам (жынысына, жашына, мүмкүнчүлүгүнө карата дискриминация менен күрөшүү) долбоору;