УРАИМОВ АЛИХАН УРАИМОВИЧ
Мен, Ураимов Алихан Ураимович, 1976-жылдын 16-январында Баткен районунун Баткен айылында туулганмын.
1983-1993-жылдары Баткен айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектепти аяктадым.
Билимим жогорку:
1994-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып, 1999-жылы ийгиликтүү аяктап, менеджмент адистиги боюнча дипломдуу менеджер квалификациясын алдым.
Эмгек тажрыйбам:
2003-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматында кызмат өтөдүм.
2005-2011-жылдары жеке ишкерлик менен алектендим.
2011-жылдын январь айынан 2013-жылдын август айына чейин Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп эмгектендим.
2013-2017-жылдары кайрадан жеке ишкерлик менен алектендим.
2017-жылдын октябрь айынан 2020-жылдын июнь айына чейин КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетектөөчү адиси жана сектор башчысы катары иштедим.
2020-жылдын июнь-июль айларында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу Аукциондук борбордун директорунун орун басары кызматын аркаладым.
2020-жылдын июль айынан 2021-жылдын май айына чейин Баткен шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштедим.
2021-жылдын май-июль айларында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында инспектор болуп эмгектендим.
2021-жылдын июль айынан 2025-жылдын апрель айына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси кызматын аркаладым.
Үй-бүлөлүк абалым:
Үй-бүлөлүүмүн, эки баланын атасымын:
Аялым-Кубат кызы Гулкан, 1985-жылы туулган, жеке ишкер;
Уулум-Ураимов Ильяз Алиханович, 2002-жылы туулган, студент;
Кызым-Ураимова Нуркыз Алихановна, 2019-жылы туулган;
Энем-АлтымышоваАпиза, 1938-жылы туулган, пенсионер.
Мен жана бир туугандарымдын арасында сот жоопкерчилигине тартылгандар жок.