Менин миссиям:

 

  • Бийлик менен калктын ортосунда көпүрө болуп, мамлекеттик органдардын жана элдин өз ара байланышын бекемдөө жана жакшыртуу;
  • №1 шайлоо округунун жашоочуларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, суроо-талаптарын жана мүдөөсүн ишке ашыруу;
  • Натыйжалуу мыйзамдар жана реалдуу чечимдер аркылуу коомдук турмушта реалдуу өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу;
  • Мыйзамдардын жана кабыл алынган чечимдердин толук, так аткарылышын көзөмөлдөө;
  • Алыскы аймактардагы калктын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылууга багытталган ишмердүүлүк жүргүзүү.

 

Менин максатым:

 

Адилеттүү мыйзамдарды кабыл алуу, туруктуу жанан эффективдүү экономиканы өнүктүрүү, социалдык жактан калкты жеткиликтүү камкордук менен камсыздоо жана аймактын жашоочуларынын мыйзамдуу мүдөөсүн ишке ашыруу.

 

Негизги приоритеттер:

 

  1. Экономика тармагы:

 

  • Баткен облусунда жергиликтүү өндүрүштү кыска мөөнөттө өнүктүрүүгө багытталган реалдуу чаралардын план-программасын иштеп чыгууга демилге көтөрүү жана аны аткаруу бийлигине сунуштоо;
  • Алыскы жана чек ара аймактарында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн аракеттеги укуктук-ченемдик актыларга жана мамлекеттик программаларга өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жетишпестиктерди жана тоскоолдуктарды жоюу;
  • Аймактагы табигый жана экономикалык ресурстарды илимий изилдөөлөргө, талдоолорго жана эсептөөлөргө негиздеп, инвестициялык долбоорлордун даяр пакеттерин иштеп чыгууга демилге көтөрүү, анын ичинде ички инвесторлорду колдоого басым жасоо;
  • Региондогу суу бассейндеринин (Кожешкен, Ак-Суу, Козу-Баглан дарыяларынын) потенциалын айыл чарбасын өнүктүрүүгө, суугат системасын жакшыртууга жана ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган кыска, орто жана узак мөөнөттүү долбоорлор аркылуу пайдалануу;
  • Колдонулбай жаткан жерлерди тамчылатып жана жамгырлатып суугаруу сыяктуу заманбап агротехнологиялар аркылуу өздөштүрүү боюнча аймактык план-карта түзүүгө жетишүү;
  • Мал чарбачылыгын өнүктүрүү максатында алыскы тоолуу жайыттарды натыйжалуу пайдалануу үчүн жолдорду, көпүрөлөрдү, туннелдерди куруу жана заманбап технологияларды колдонуп тоют тартыштыгын жоюу боюнча мамлекеттик колдоого алынуучу долбоорлорду сунуштоо;
  • Региондордо ири сүт жана эт өндүрүүчү фермаларды уюштурууга демилге көтөрүү;
  • Соода-сатык жана тейлөө тармагын өнүктүрүү максатында заманбап соода борборлорун жана тейлөө объектилерин өнөктөштүк, насыя жана мамлекеттик колдоо аркылуу курууга жетишүү;
  • Импорттун көлөмүн азайтып, ички рынокту жергиликтүү продукция менен камсыздоого багытталган мамлекеттик саясатты күчөтүү.

 

  1. Социалдык коргоо тармагы:

 

  • Чек ара жана алыскы аймактардагы көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жөлөк пул менен чектөөлөрсүз камсыздоону камсыз кылуу;
  • Өзгөчө макамы бар айылдардын тургундары үчүн пенсия жана жөлөкпулдарга кошумча үстөк пайыздардын өлчөмүн, шарттарын кайрадан карап чыгуу, социалдык колдоонун кошумча чараларын ишке ашыруу;
  • Аймактагы жумушсуздукту кыскартуу максатында алыскы жана чек арага жакын аймактарда чакан мамлекеттик ишканаларды түзүүгө шарт түзүү жана аларды туруктуу иштөөсүн камсыздоо;
  • Түзүлгөн ишканаларды мамлекеттик заказ менен камсыздоо аркылуу жергиликтүү калктын киреше булагын көбөйтүү.

 

  1. Курулуш жана инфраструктура тармагы:

 

  • Шаарлардын, район жана айыл аймактарынын ички көчөлөрүн кеңейтүү жана асфальттоо боюнча жыл сайын приоритеттүү түрдө каражат бөлүүнү камсыз кылуу;
  • Облус жана район борборлорунда канализация системаларын куруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, алардын ишке ашуусун демилгелөө;
  • Таштандыларды кайра иштетүүчү кичи заводдорду куруу боюнча мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк негизиндеги чечимдерди кабыл алууга жетишүү;
  • Кунарсыз жана айыл чарбасына жараксыз жер тилкелерин трансформациялоо аркылуу жергиликтүү калкты турак жай салуу үчүн тамарка менен камсыз кылуу чараларын ишке ашыруу;
  • Жергиликтүү калктын эс алуусуна керектелген инфраструктураны (парк, сквер, аллея, балдар аянтчалары ж.б.) өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдык жана нормативдик негиздерди кабыл алууга жетишүү.

 

  1. Мыйзам жазуу жана чечимдерди кабыл алуу:

 

  • Баткен облусуна “өзгөчө макам берүү” тууралуу мыйзамды кайрадан иштеп чыгып, заманбап талаптарга ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүү;
  • Баткен облусунун орто жана узак мөөнөткө өнүктүрүү программасынын жаңы редакциясын даярдап, анын ишке ашуусун камсыз кылуу;
  • Мамлекеттик кызмат жана кадрдык саясат тармагында адистерди даярдоо, тандоо жана дайындоо тартибин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актыларды кайра карап чыгып, толуктоо жана өркүндөтүү боюнча мыйзамдык демилге көтөрүү.

 

5.Эмне үчүн шайлоочулар мени тандашы керек?

 

  • Мен ушул жерде төрөлүп, ушул жерде өстүм жана мындан ары да ушул аймакта жашайм. Депутаттык мөөнөтүм бүткөндөн кийин да шайлоочулар менен бирге, ошол эле чөйрөдө жашоомду улантам. Бул менин эл жана аймак алдындагы жоопкерчилигимди дагы да күчөтөт.
  • Жергиликтүү көйгөйлөрдү терең билем, аларды чечүү жолдорун издеп, көп жылдар бою бул тармакта иш алып бардым. Ошондуктан көйгөйлөрдү иш жүзүндө чечүүгө багытталган реалдуу сунуштарды бере алам.
  • Мамлекеттик кызматта 10 жылдан ашык эмгектенген тажрыйбамдын негизинде аткаруу бийлигинин иштөө тартибин, чечим кабыл алуу механизмдерин жана документ жүгүртүү процессин жакшы билем. Ошондуктан тиешелүү чечимдерди кабыл алуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу мага жеңил болот.

 

Биздин командага кошулуңуз!

 

Сиздин добушуңуз маанилүү!

 

Сиздин тандооңуз келечектеги жашооңузга түз таасир берет!

 

Биз бирге жашоону жакшыртабыз!

 

Урматтоо менен,

 

Ураимов Алихан Ураимович