СУЛТАНБЕКОВА ЧОЛПОН ААЛЫЕВНА
Султанбекова Чолпон Аалыевна 1969-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1986–жылы Россия Федерациясындагы Мичуринск шаарындагы Мичурин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган.1995-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн.
2006-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынынын “юриспруденция” адистигин аяктаган.
2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын “эл аралык мамилелер” адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1991-1992 жылдары Жалал-Абад шаардык Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүндө жетектөөчү адис.
1996–2010-жылдары “Палван” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору.
1998–2010-жылдары “Алмаз” акционердик коомунун башкармалыгынын төрайымы.
2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча аялдар конгрессинин президенти.
2003-2004-жылдары “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.
2004-жылы Азиялык “Алыш” белбоо күрөш федерациясы коомдук уюмунун президенти.
2005-2007-жылы Эл аралык “Алыш” белбоо күрөш федерациясынын ардактуу президенти.
2010-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V-чакырылышына “Республика” саясий партиясынан депутат болуп шайланды.
2011-жылы Жогорку Кеңештин Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комититетинин төрайымы.
2011-жылы Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясынын президенти болуп шайланган.
2011–2013-жылы Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.
2013–2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турду.
2015-жылы Жогорку Кенештин VI-чакырылышына “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат болуп шайланды.
2016-жылы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрөгасынын орун басары.
2016-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.
2018-жылдан тартып Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) Бүткүл дүйнөлүк белбоо күрөшү комитетинин президенти.
2024-жылдан тартып Бириккен күрөш бюросунун (UWW) мүчөсү.
2021-жылдын Жогорку Кеңештин VII чакырылышына “Ишеним” саясий партиясынан депутат болуп шайланды.
2022-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрөгасынын орун басары.
ТүркПА экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары
2022-жылдын декабрь айынан тартып Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы.
Класстык чини:
Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Мамлекеттик сыйлыктары, грамоталары:
«Даңк» Ордени менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.
«Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги».
Дене тарбия жана спорттун отличниги төш белгиси менен сыйланган.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги»
Орто Азия Элдеринин тарыхы институтунун Академиги.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине – 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу
«Сот департаментинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» медалы менен сыйланган.
Парламенттер аралык Ассамблеясынын «ДРЕВО ДРУЖБЫ» алтын медалы менен сыйланган.
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Ардак грамотасы менен сыйланган.
«ФИЛА» ордени менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын I-даражадагы «МЫЙЗАМДУУЛУКТУ ЧЫҢДООГО КОШКОН САЛЫМЫ ҮЧҮН» төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан «КЫЗМАТТАШТЫК ҮЧҮН» медалы менен сыйланган.