Дүйнөлүк практикада парламентте айым депутаттардын көп болушу маанилүү экени эчак далилденген. Анткени аялзаты, энелер коомдогу болуп жаткан окуяларды жүрөгү менен кабыл алып, айрыкча социалдык маанидеги көйгөйлөргө басым жасап, ошол эле кыз-келиндердин, балдардын маселесин көтөрөт, чечилишине салым кошот. Тилекке каршы, соңку учурларда биздин коомдо да аялдар менен балдарды тооруган көйгөйлөр көбөйдү. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы үчүн да негизги коңгуроо ушул деп ойлойм.

Кыз-келиндер жана балдар үчүн коопсуз коом

Бул багытта коркунуч жараткан себептерди аныктап, өкмөттүк, зарыл болсо эл аралык деңгээлде байкоо жүргүзүп, жыйынтыгы менен мыйзамдык мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгуу. Мындан тышкары ушундай терс көрүнүштөргө алып келген себептер менен күрөшүп, алдын алуу боюнча чаралар планын иштеп чыгуу. Өмүр – эң баалуу байлык. Ал алынса, кайтарууга мүмкүн эмес. Айрыкча күч-кубаты жагынан алсыз кыз-келиндер менен балдардын өмүрүн коргоо – негизги милдет.

Сапаттуу медициналык жардам

Соңку жылдары өлкөнүн аймактарына көңүл бурула баштаганы менен медицина жаатында дагы эле жасалчу иштер көп. Адистердин жетишсиздиги, айлык маянасынын аздыгы, “Тез жардам” унаасы жана аймактарда дарыгерлер үйү же фельдшердик-акушердик пунктулар жетиштүү эмес. Жогорку Кеңештен ушул багыттагы иштердин жасалышын көзөмөлдөп, Баткен облусунун аймагына да көңүл бурулушун талап кылабыз. Мындан тышкары өз аракетим менен буга чейин эл аралык уюмдар менен кызматташуунун алкагында медициналык борбор салуу жана башка көмөктөр көрсөтүлгөн. Ошол практиканы мындан ары да улантабыз. Бизге жергиликтүү тургундардан буга чейин түшкөн кайрылуулардын негизинде кайсы айылга кандай муктаждык бар экени боюнча толук кабарыбыз бар. Буюрса, аларды четинен орундатууга бар күчүбүздү жумшайбыз.

Билим берүү

Бюджеттин көп бөлүгү бөлүнүп келгени менен билим берүү тармагында да көйгөйлөр дагы эле арбын. Мектептердин жетишсиздиги, китеп маселеси, мугалимдердин маянасынын аздыгы дагы башка маселелер. Аткаруу бийлиги соңку жылдары бюджеттин өсүшүнө байланыштуу социалдык объектилердин курулушун да көбөйтүп келатат. Бул аймактын маселесин парламенттен улам көтөрүп, зарыл болгон айылдарга жаңы мектеп салдыруу талабын коём. Мындан тышкары мугалимдердин колун кармаган кагаз иштерин азайтып, академиялык эркиндик берүүнү жактайм. Келечектин ээлери даярдалып жаткан ар бир мектепте интернет жана заманбап техника жагынан көйгөй болбошу керек. Бул мен үчүн эң артыкчылыктуу тармактардын бири.

Мындан тышкары жеткинчектерибизди бала бакча менен камсыз кылуу дагы эле толук ишке ашпай келет. Жогорку бийлик да муну белгилеп, курулуш иштерин көбөйтүп, бала бакча ачам дегендерге шарттарды түзүп берүүдө. Министрлер кабинети менен биргеликте жаңы бала бакчалардын курулушун Баткен облусуна тартууга, бала бакча менен камтууну көбөйтүүгө аракет кылабыз.

Миграция

Айрыкча Баткен облусунан жашоо-турмуштун айынан миграцияга кеткен жарандарыбыз көп. Алды чет өлкөдө отурукташып, бала-бакырасы менен ошол жакта туруктуу жашап жатышат. Соңку учурларда биздин мигранттарга байланыштуу көптөгөн көйгөйлөргө туш болуудабыз. Мисалы, Орусиядагы мекендештерибизге карата текшерүүлөр, камоолор, алардын балдарынын мектептерге кабыл алынуусундагы кыйынчылыктар жана башка маселелер бар. Бул боюнча парламенттин деңгээлинде көтөрүп, жарандарыбыздын коопсуздугу жана эркин иштөөсүнө шарт түзүүнү талап кылабыз. Мындан тышкары аларга Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтердин деңгээлинде маалымат берүү, кабардар кылуу жана тыгыз кызматташуусуна басым жасайбыз. Бул үчүн Жогорку Кеңеш маанилүү аянтча деп ойлойм.

Ошондой эле ата-энеси миграцияда, өзү Кыргызстанда калган балдарыбызга да өзгөчө көңүл бурулушу керек. Эмгек, социалдык колдоо жана миграция министрилиги бул багытта ишин жандантып, социалдык кызматкерлеринин санын көбөйтүп, ишин эффективдештирип, балдарыбыздын камкордугун, коопсуздугун бекемдеши аябай маанилүү.

Айыл чарба жана инфраструктура

Бул аймактарда айыл чарба элдин негизги кирешелеринин бири болгону үчүн көз жаздымыбызда калбайт. Сугат маселеси, дыйкандарга өкмөт тарабынан берилчү аз пайыздык насыялардын жеткиликтүүлүгү, ар жылы кайсы азык-түлүктүн түрүнө басым жасоо керектиги сыяктуу көйгөйлөр сиздерди түйшөлтөрүн билебиз. Ошол себептүү ирригация маселесин оптималдаштырып, дыйкандар менен айыл чарба тармагындагы мамлекеттик кызматкерлер тыгыз иш алып барып, алардын сезондук айдап себүүсүнө жол көрсөтүп, түшүмдүн сатылуусуна шарт түзүп берүүгө басым жасайбыз. Бул багыттагы негизги көйгөй – дыйкан менен өкмөттүн байланышынын аздыгы. Биз муну камсыз кылабыз.

Кыргызстан эле эмес, Борбор Азия үчүн ачылыш болгон Кадамжайдагы “Алга кадам” инновациялык долбоорун биринчилерден болуп колдоп чыкканым үчүн сыймыктанам. Элдин ынтымагы менен башталган долбоорду кийин өлкө жетекчилиги колдоого алып, буюрса, какыраган жерлер жашыл бакчага айланганы турат. Анын арты менен 7 миң 600 кожолукка суу жетип, жашоо-турмуш жеңилдейт. Мындан сырткары туристтик жайлар ачылып, жумуш орундары көбөйүп, элибиздин миграциялык агымы басаңдайт деген үмүтүбүз чоң.

Таза суу – өмүр булагы

Тилекке каршы, ичүүчү суунун жетишсиздигинен пайда болгон оорулардын айынан жапа жеккендер боюнча Баткен облусунун көрсөткүчү жогору. Бул маселеге да көңүл буруп, айыл-аймактардын таза суу менен камсыз болушуна аткаруу бийлиги менен чогуу аракет кылабыз.

Жаштарды колдоо: спорт жана ишкердик

Өзүңүздөр билгендей, мага жана үй-бүлөм үчүн спорттун орду өзгөчө. Биз бул багытта республикалык жана эл аралык мелдештерди да өткөрүп келатабыз. Аймактарда жаштардын туура жашоо образын пайда кылуу жана бекем ден соолугу үчүн спорт тармагында шарттарды түзүп, ар кандай мелдештерди уюштурабыз.

Азыркы жаштардын ишкердик менен алектенип жатканына күбөбүз. Аларга жол көрсөтүп, өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулуп, маалымат берүү, инвестиция тартуу жол-жобосу жаатында көмөк көрсөтүү аябай маанилүү.

Азыркы шартта Жогорку Кеңештин депутаты – элдин үнү, бийликтеги өкүлү болуу. Саясаттагы узак жылдык тажрыйбамдын, сиз менен болгон жакындыгымдын арты менен ар бириңиздердин маселеңиздерди көтөрүп, кайсы маселеде болбосун сиздердин кызыкчылыгыңыздарды, таламыңыздарды жактап, кылып келген кызматымды улантам деген изги тилегим бар.