САДЫКОВ АБДИСАТАР САЙТАЛЫЕВИЧ
Мен, Садыков Абдисатар Сайталыевич 1977-жылдын 19-февралында Ош облусуна караштуу Баткен районунун Баткен айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулганмын. 1984-жылы В.И.Ленин орто мектебинин босогосун аттап, 1994-жылы аталган орто мектепти ийгиликтүү аяктаганмын. Эмгек жолумду 2010-жылы “Автоэнергоснаб” ЖЧКнда экспедитор кызматында баштагам. 2017-2019-жылдары Бишкек шаарындагы Азия иновациялык колледжине тапшырып, “Курулуштарды жана имараттарды куруу жана эксплуатациялоо” адистиги боюнча техник квалификациясына ээ болгом. Билимимди жогорулатуу максатында 2019-жылы Ош технологиялык университетине тапшырып, аталган окуу жайды 2023-жылы ийгиликтүү аяктап, курулаш багыты боюнча Бакалавр квалификациясына ээ болгом. 2015-жылдан баштап “Амин” ЖЧКнун директору кызматын аркалап келем. Баткен шаардык кеңешинин 2016-2020-жылдары VI чакырылышынын, 2020-2024-жылдары VII чакырылышынын, 2024-жылдан ушул күнгө чейин VIII чакырылышынын депутаты болуп келем.