Бакубат жашоону камсыздоо-ар бирибиздин колубузда!»

КИРИШ СӨЗ:

Ар бир кыргыз жараны татыктуу жашоого, таза суу жана энергияга, сапаттуу билим менен медициналык тейлөөгө, коопсуз жана тынч коомдо жашоого укуктуу.
Мен-куруучу, элеттин уулу, эл ичинен чыккан орто муундун өкүлү катары-өлкөбүздүн өнүгүүсү ар бир жарандын турмушу жакшы болгондо гана мүмкүн экенине ишенем. Бүгүн биздин өлкөдө потенциал чоң, бирок аны ишке ашыруу үчүн жаңы көз караш, элге жакын башкаруу жана таза иш ниет керек.
Мына ошондуктан мен парламентке жаңы жүз, жаңы дем, жаңы жоопкерчилик катары аттанып жатам.

ПРОГРАММАЛЫК ТЕЗИС

Кыргызстан-бай табиятка, эмгекчил элге жана жаш күчкө ээ өлкө. Бизде тоо бар, суу бар, эл бар. Бирок ошол байлыктын баары элдин турмушуна кызмат кылышы үчүн адилет башкаруу жана жоопкер саясат керек.

Менин программам-элдин үнүн угуп, эл үчүн иштеген мамлекетти курууга багытталган.
Башкы максат-жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жана ар бир жаранга ишенимдүү келечек түзүү.

МАКСАТТАРЫМ

Менин негизги максатым — Кыргызстандын ар бир жараны үчүн:

  • татыктуу жашоо шартын түзүү;
  • жумуш менен камсыз кылуу;
  • таза жана туруктуу экологиялык чөйрө жаратуу;
  • адилеттикке негизделген социалдык системаны бекемдөө.

Мамлекет-бул эл үчүн иштеген орган болушу керек.
Элдин үнүн угуп, элдин талабын мыйзамга айланту-менин депутат катары милдетим болот.

ДЕПУТАТТЫК ИШ АРАКЕТТИН БАШКЫ БАГЫТТАРЫ

  1. Социалдык адилеттүүлүк жана элдин турмушу
  • Пенсия жана жөлөкпулду жашоо шартка жараша жыл сайын индексациялоо.
  • Медициналык тейлөөнү жакшыртуу — айрыкча айыл жергесинде дарыгерлер жетишсиздигин жоюу.
  • Ар бир үй-бүлөгө жеткиликтүү сапаттуу билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү.
  • Мугалимдердин, дарыгерлердин жана социалдык кызматкерлердин эмгегин баалоо жана маянасын көтөрүү.
  • Жаштарга — кесиптик билим, ишкердикке багыт берүү жана мекенде калуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
  • Аялдардын коомдогу ролун жана экономикалык активдүүлүгүн колдоо.
  1. Экономика жана жумуш орундарын түзүү
  • Ички өндүрүштү колдоо, аймактардагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү.
  • Миграцияны кыскартуу үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү — өз жеринде иштеп, жашоо мүмкүнчүлүгүн түзүү.
  • Ишкерлерге салыктык жеңилдик берүү жана мамлекеттик текшерүүлөрдү кыскартуу.
  • Өндүрүштүн бардык тармагында инновациялык жана санариптик ыкмаларды киргизүү.
  • Аймактык инвестициялык долбоорлорду колдоо жана инфраструктураны өнүктүрүү.
  • Ар бир райондо ишкердикти колдоочу «бир терезе» борборлорун ачуу.
  1. Айыл чарбасын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу
  • Айыл чарба техникасын лизинг аркылуу жеткиликтүү кылуу.
  • Сугат суу системаларын оңдоо жана жаңы технологияларды-тамчылатып жана автоматтык сугарууну киргизүү.
  • Органикалык таза айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык таза азыктарды экспортко чыгаруу.
  • Айыл чарбада эмгектенген жарандар үчүн арзан насыя жана колдоо механизмдерин киргизүү.
  • Айылдык логистикалык борборлорду ачуу — фермерлер үчүн сатуунун туруктуу рыногун камсыз кылуу.
  • Дыйкандарды бириктирип, кооперативдер аркылуу өндүрүштү күчөтүү.
  1. Гуманитардык өнүгүү жана жаштар саясаты
  • Жаштарды билим, спорт жана маданият аркылуу патриоттук рухта тарбиялоо.
  • Ар бир райондо жаштар борборлорун ачуу, жаш ишкерлерди колдоо фонддорун түзүү.
  • Кыз-келиндердин билимге жана кесипке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүү.
  • Маданият жана маалымат саясатын колдоо, улуттук баалуулуктарды сактоо.
  1. Инфраструктура жана энергетикалык коопсуздук
  • Айыл жана шаардагы жолдорду, көпүрөлөрдү, ирригациялык каналдарды оңдоо жана жаңылоо.
  • Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн күн жана шамал сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын өнүктүрүү.
  • Ар бир аймакта электр жана суу жеткиликтүү болушун камсыз кылуу.
  • Санарип инфраструктура — интернет, байланыш жана маалымат системаларын кеңейтүү.
  1. Мыйзамдуулук жана коомдук адилеттик
  • Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү.
  • Сот системасын реформалоо, ар бир жаранга адилет мамиле камсыз кылуу.
  • Коомдук байлыктарды жеке кызыкчылыкка колдонууга жол бербөө.
  • Ачык бюджет, ачык тендер, ачык жоопкерчилик системасын түзүү.
  1. Улуттук коопсуздук жана чек арадагы тынчтык
  • Чек арадагы айылдардын коопсуздугун камсыз кылуу, элдин жашоосу үчүн шарт түзүү.
  • Чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча өзүнчө мамлекеттик программа ишке киргизүү.
  • Куралдуу күчтөрдү техникалык жактан чыңдоо, аскер кызматкерлеринин турмушун жакшыртуу.
  • Эл аралык кызматташтык аркылуу тынчтыкты сактоо жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу.
  1. Таза экология жана климаттык туруктуулук
  • Сууну, жерди жана табият байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу.
  • Таштандыны башкаруу, кайра иштетүү жана экологиялык маданиятты жайылтуу.
  • Климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу программаларын айыл чарба жана билим берүү тармагына киргизүү.
  • Жашыл долбоорлорду колдоо жана энергия үнөмдөөчү технологияларды киргизүү.
  1. Элдин кызыкчылыгын коргогон мыйзам чыгаруу
  • Аймактардын өнүгүүсүн камсыз кылган мыйзамдык база түзүү.
  • Айыл чарба, билим берүү, энергетика жана саламаттык тармагындагы реформаларды мыйзам деңгээлине чыгаруу.
  • Элдин үнүн угуп, элдин талабын мыйзамга айлантуу — негизги принцип катары кармоо.
  • ЖЫЙЫНТЫК
  • Мен, Садыков Абдисатар Сайталыевич,
    элимдин ишенимин актап, парламентте элдин үнүн угузууга даярмын.
    Элдин көйгөйүн мыйзамга айлантып, ар бир кыргыздын жашоосун жакшыртуу- менин башкы милдетим.
  • Бүгүн аракет кылсак — эртең келечек өзгөрөт!
    Бакубат жашоо — ар бирибиздин колубузда!