АБДИПАТТА УУЛУ ЖУМАБЕК
Мен, Абдипатта уулу Жумабек, 1996-жылдын 19-январында Ош облусунун Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылында төрөлгөм. 2002-жылы Жаңы-Жер башталгыч мектебинин босогосун аттагам. 2009-жылы Баткен облустук гимназиясына тапшырып, 2013-жылы аяктадым. Ошол эле жылы И.Раззаков ат. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырдым. 2017-жылы жогорудагы окуу жайдын маалыматтык технологиялар факультетинин “Техникалык системдерди башкаруу” адистигин артыкчылык диплом менен бүтүрдүм. 2024-жылы Россия Федерациясынын К.Минин атындагы Нижегород мамлекеттик педагогикалык университетинин “Робототехника жана мехатроника” адистигинде магистрдик даражаны алдым. Ошондон бери ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү иш алып барып келем.
Үй-бүлөлүүмүн. 1 кыз, 1 уулдун атасымын. Аялым үй кожойкеси.