Бүгүн Кыргызстандын шайлоого катышууга укуктуу ар бир жаранына келечек үчүн жоопкерчиликтүү тандоо учуру келди. Биздин аймак — Кыргызстандын чек арадагы калканы, коопсуздуктун, эмгектин жана намыстын символу. Бирок Баткендин потенциалы бүгүн толук ачыла элек. Элибиз иштегиси келет, жерибиз түшүм берет, жаштарыбыз өнүгүүнү каалайт. Бизге болгону акылдуу башкаруу, туура мыйзамдар, адилет саясат жана реалдуу иштер керек.
I. Менин максатым жана принциптерим
Депутат катары менин ишимдин негизи — элдин үнүн угуу, адилет чечимдерди кабыл алуу жана мамлекет менен жаран ортосундагы ишенимди чыңдоо.
Менин ишим төмөнкү беш принципке таянат:
- Ачык-айкындык жана жоопкерчилик — ар бир чечим эл алдында негизделиши керек.
- Акылдуу башкаруу жана технологиялык өнүгүү — билим жана инновация ар бир чөйрөнүн жүрөгү болушу зарыл.
- Аймактардын тең өнүгүүсү — Баткен, Нарын, Талас өңдүү чек ара жана алыскы аймактар артта калбоого тийиш.
- Жаштардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.
- Таза коом жана таза саясат.
II. Менин негизги багыттарым
1. Аймактык экономика жана ишкердик колдоо
Бүгүн Баткендин экономикасынын негизги көйгөйү — жумушсуздук жана миграция.
Менин милдетим — жергиликтүү өндүрүштү жана ишкердикти көтөрүү.
- “Бир айыл — бир продукт” принциптерин кеңейтүү;
- Дыйкандарга арзан насыя, суу системаларын оңдоо, фермердик кооперативдерди түзүү;
- Аймактарда өндүрүштүк индустриалдык жана технопарктарды уюштурууга шарт түзүү;
- Жергиликтүү ишкерлерге “Баткен облусчунун өзгөчө макамынын” негизинде салыктан жеңилдик берүү;
- Жаштардын стартаптары үчүн венчурдук фонддорду түзүү (айылдагы IT жана чакан өндүрүш долбоорлоруна гранттар).
3. Билим берүү жана жаштар саясаты
Мен билим аркылуу ийгиликке жеткен адам катары эң негизги багытым — сапаттуу билим жана мүмкүнчүлүк.
Ар бир райондо заманбап жана универсалдуу кызмат көрсөтүүчү жаштар борборлорун ишке киргизүүгө шарт түзүү;
4. Саламаттыкты сактоо жана социалдык адилеттик
- Ар бир үй-бүлөгө жеткиликтүү медициналык камсыздандыруу;
- Аялдардын саламаттыгын колдогон “Эне – амандык булагы” программасын киргизүү;
- Карылардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык колдоосун күчөтүү;
5. Маданият, экология жана жашоонун сапаты
- Аймактардагы маданий борборлорду жана китепканаларды жаңы форматка келтирүү;
- “Таза Баткен – жашыл келечек” программасы: таштандыны кайра иштетүү, суу булактарын коргоо, көчөт отургузуу;
- Айылдарды жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, таза суу менен камсыз кылуу;
- Туризмди өнүктүрүү
III. Жыйынтык
Менин ишенимим:
“Элге жакын, билимдүү жана таза саясатчы гана өлкөнү өзгөртө алат.”
Мен саясатты бийликтин эмес, элге кызмат кылуунун жолу деп билем.
Баткен – менин мекеним, Баткен - Кыргызстандын башаты. Баткендин келечеги – менин жоопкерчилигим.
Сиздин добушуңуз — өлкөнүн келечеги!