АБСАТТАРОВ АЗАМАТ АСАТТУЛАЕВИЧ
Мен, Абсаттаров Азамат Асаттулаевич 1988-жылдын 16-ноябрында Баткен облусунун Кадамжай районунун Тамаша айылында туулганмын.
1995-жылы Тамаша айылындагы №17 мектепке 1-класска барганмын.
2006-жылы мектепти аяктап, Ош мамлекеттик университетинин филология жана журналистика факультетине тапшырып, 2011-жылы “Журналист” адистигине ээ болдум.
2012-жылы Кадамжай райондук “Эл жарчысы” гезитине кабарчы болуп жумушка кирип, 2014-жылга чейин аталган гезиттин редакторунун орун басары болуп иштедим. 2014-жылы АКИпресс маалымат агенттигинин Баткен облусундагы кабарчысы болуп, 2014-жылдан 2018-жылга чейин АКИпресс маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүндө кабарчы, редактор болгонмун. 2018-жылдан 2021-жылга чейин Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы болуп иштеп, 2021-жылдын август айында Бишкек шаарынын мэринин коомдук башталгычтагы кеңешчиси катары иштедик.
2022-жылдан ушул мезгилге чейин КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы катары иштеп келем.
Үй-бүлөлүүмүн. 3 баланын атасымын. 4 бир тууганбыз. Апам биз менен жашайт. Бир туугандарым, жакындарым сот жообуна тартылган эмес.
А. Абсаттаров