1. Социалдык саясат – Элдин турмушун жакшыртуу
  • Саламаттыкты сактоо
  •     Айылдардагы ооруканаларды жаңыртуу жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу  боюнча инвесторлор менен иш алып баруу.
  •     Жаш дарыгерлерди Кадамжайга тартуу үчүн мотивациялык программаларды киргизүү (жаштарга үй, жеңилдетилген кредит).
  • Билим берүү
  •     Кадамжайдагы мектептерди жаңы технологиялар менен камсыз кылуу, китеп фонддорун жаңылоо.
  •     Мугалимдерди чет өлкөдөн  тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү жана жаш мугалимдерди аймакта кармап калуу үчүн атайын жеңилдиктерди киргизүү.
  • Жумуш орундарын түзүү
  •     Жергиликтүү өндүрүштү жана чакан бизнести колдоо.
  •     Жаштар үчүн агрардык жана кол өнөрчүлүк тармагында окутуу борборлорун ачуу.
  1. Идеология жана тарбия – Эл биримдигин бекемдөө
  • Улуттук идеология
  •     Кыргыз элинин тарыхый баалуулуктарына таянган, мамлекеттүүлүктү жана эгемендүүлүктү бекемдеген идеологиялык саясатты өнүктүрүү.
  •     Жаш муунду мекенчилдикке, биримдикке жана адилеттүүлүккө тарбиялоо.

 

  • Ата-бабалардын мурасын жайылтуу
  •     Аймактагы баатырлар, ойчулдар жана акын-жазуучулардын эмгектерин жайылтуу.
  •     Кадамжай районунун аймагындагы тарыхый жайларды калыбына келтирип, тарыхый жайларды атайын мамлекеттин коргоосуна алдыруу.

 

  1. Маданият жана адабият – Элдин руханий байлыгы
  • Маданий жайларды өнүктүрүү
  •     Кадамжай районунда жаңы маданий борборлорду ачуу, китепканаларды заманбапташтыруу.
  •     Театр, кино жана чыгармачылык иш-чараларды жайылтуу.
  • Адабиятты өнүктүрүү
  •     Жергиликтүү жазуучуларды жана акындарды колдоо, жаш таланттар үчүн сынактарды уюштуруу.
  •     Кыргыз адабиятын мектептерде жана ЖОЖдордо жаңы формада жайылтуу (электрондук китеп, медиа-платформалар).

 

  1. Тарых жана мурас – Унутулгус сабактар
  • Кадамжайдын тарыхый эстеликтерин, тарыхый жайларын калыбына келтирүү жана туристтик аймакка айлантуу.
  • Аймактан чыккан тарыхый инсандардын, баатырлардын эмгегин изилдеп, мектеп программаларына киргизүү.
  • Баткен окуяларын, чек араны коргогон жоокерлердин эрдигин түбөлүккө сактоо боюнча атайын идея менен иштөө.

 

  1. Баткен облусунун жана Кадамжай районунун өнүгүүсү
  • Чек арага жакын аймактардагы коопсуздукту камсыз кылуу жана жашоочулардын бейпилдигин чыңдоо.
  • Айыл чарбасына жаңы технологияларды киргизүү (суу чарбасын жакшыртуу, багбанчылыкты өнүктүрүү).
  • Жаштардын миграциясын азайтуу үчүн аймакта жумуш орундарын түзүүгө шарт түзүү.