МАВЛЯНОВА МАХАБАТ ЭРГЕШОВНА

 

Мавлянова Махабат Эргешовна 1975-жылдын 6-мартында Ош областынын Ноокат районуна караштуу Жал айылында туулган. 1982-1992-жылдары ошол айылда Ленин атындагы орто мектепти күмүш медал менен аяктаган.

1992-жылы Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы техникалык университеттин технология факультетине тапшырып, аны 2000-жылы аяктап инженер-технолог деген адистигине ээ болгон.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын «эл аралык мамилелер» факультетине тапшырып 2014-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 1999-жылы «МАБ-УЛА» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу болуу менен баштап жана бул тармакта 2009-жылга чейин эмгектенген. Ал эми 2011-жылдын октябрь айынан 2015-жылдын сентябрына чейин «Жети-Казына» коомдук фондунун Президенти болуп иштеген.

2015-жылдын октябрь айында «Республика-Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI-чакырылышынын депутаты болуп шайланып, 2017- 2021-жылдары Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрайымы болуп эмгектенген.  Жогогрку Кеңештин башка депутаттары менен биргеликте 11 мыйзам долбоорун демилгелеп  чыккан жана алардын ичинен 6 мыйзам долбоору Президент тарабынан кол коюлган. Жогорку Кеңештин айым депутаттар Форумун мүчөсү.

Ал төмөнкү сыйлыктарга жана наамдарга ээ:

- ишкердикти өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Датка Айым» медалы;

- «Эркин-Тоо» басмасынан «Кыргыздын алдынкы айымы» медалы;

- мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык чени;

- ыраазычылык каттары.

 

2021-жылдан тартып жеке тармакта органикалык айыл-чарбасы, өндүрүш ишмердүүлүгү менен алектенип келет.